Еврейлердин салтына ылайык курулган мечит мусулмандардын учуусун келтирди

4 июня 2019 Еврейлердин салтына ылайык курулган мечит мусулмандардын учуусун келтирди

Ирандын борбору Тегеранда салынган жаңы мечит ислам фундаменталистерин ачууландырды. Авангард стилинде салынган мечитте күмбөздөр менен мунаралар жок. Анын ордуна боз таштан жасалган толкундар тургузулган. Мечиттин курулушунда салттуу элементтердин жок болушу консерваторлордун нааразычылыгын жаратты, деп The Independent басылмасы кабарлайт.

Алардын айтымында, бийликтегилер еврейлердин балет театры сыяктуу салынган мечитке карата “исламга чыккынчылык жасады” дешет.

Мечиттеги күмбөздөр менен мунаралар бутка сыйынуучулук менен христиандардын атрибуту дегенге ислам фундаменталистери макул эмес. Алардын айтуусу боюнча, бийликтегилердин максаты бул жаңы мечитти салып, ислам мамлекетин жеңип алуу.

Мечит архитекторлорунун бири Реза Данешмирдин айтымында, долбоорду макулдашууга бир нече ай кеткен. Бирок ,алар бийликтегилерге салттуу имарат азыркы заманга ылайык эмес экенин жана шаар борборундагы өзгөчө курулуш боло турганын эскерткен.

Ал борборго көп келген жаш ирандыктарды болжолдуу эске алып: “Биз бул долбоорду заманбап стилде салабыз деп пландадык. Мен жаңы мечитке кимдер барарын түшүндүрдүм”, - деди.

Белгилей кетсек, “Вали-е Аср” мечитинин салынып жатканына 10 жылдай убакыт болду. Мамлекет жаңы мечиттин курулушуна 16 миллион доллар каражат бөлгөн. Мечиттин ачылышы кийинки айда болору пландалып жатат.