3 июня 2019
Кытайдын Юньнань провинциясында жашоочулар скутерге колу байланган баланы көрүп таң калышты.
Энеси уулун жазалоо үчүн колун скутерге байлап салган. Ал уулун эки-үч күндөн бери ушинтип сүйрөп жүргөн. Бул уулун жазалоонун түрү. Баласы айтканын аткарбай, бейбаштыгын көрсөткөн көрүнөт.
Роликте баланын жерге жатып алып ыйлаганы байкалат. Тармак колдонуучуларынын кээ бири энесине ачууланса, дагы бири баласы психологиялык ооруга чалдыккан окшойт деп болжошкон.