Жаңылык! Күйөөсү жана балдары жок аялдар – эң бактылуу аялдар

31 мая 2019 Жаңылык! Күйөөсү жана балдары жок аялдар – эң бактылуу аялдар

Күйөөсү жана балдары жок аялдар – жер жүзүндөгү калктын эң бактылуу тобуна кирет, дейт психолог Пол Долан. Анын сөзү боюнча, мындай аялдар турмушу жана баласы бар аялдарга салыштырмалуу  узак жашашат. Жаңы маалыматтар ийгиликти өлчөө үчүн колдонулган салттуу түшүнүктөрдү өзгөртөт деп белгилейт. Бакыттын көрсөткүчүнүн эми нике жана үй-бүлөгө тиешеси жок. Үй-бүлөлүү адамдар көп учурда жанында аялы же күйөөсү болгон учурда гана бактылуу экендигин айтышат.

“Биз бир нече жыл аралыгында ыктыярчылардан көп маалыматтарды чогулттук. Анын жыйынтыгында мындай чечимге келдик: эгер сиз эркек киши болсоңуз, бактылуу болуу үчүн сөзсүз үйлөнүңүз, эгер аял киши болсоңуз, бул тууралуу кам санабай эле коюңуз” – дейт Долан.

Психолог никедеги эркектер ден соолугу үчүн көп пайда табарын, ошол эле учурда аялдар никеде физикалык жана психикалык бузулууларга көп учурай тургандыгын белгилейт. Бирок, турмушка чыкпаган аялдарды коомдогу кодулоо өзүн-өзү кем сезүүгө алып келери турган кеп.