Билим берүү министрлиги мурдараак директордун милдетин аткаруучу кылып №5 гимназиянын жетекчиси Элнура Музаеваны алып барганда мугалимдер кабыл албай, ал кайра кетүүгө аргасыз болгон.
Новопавловкадагы чуулуу мектептин директору Диляра Абдуллаева кызматтан алынды. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Чыңгыз Айтматов атындагы лицейде ата-энелерден көп суммада акча чогултулуп, бирок отчёту берилбей жатканы айтылган. Мындай чуудан кийин прокуратура менен Финпол териштирүүнү чечкен.
Аталган лицейге Самаркүл Умралиева директор болуп дайындалганы маалымдалды.
"Министрликтин текшерүүсүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган. Буга таянып лицейдин директорун кызматтан кетирүү чечими кабыл алынды. Мындан сырткары, прокуратуранын текшерүүсүнүн натыйжасында дагы мыйзам бузуулар табылган. Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Билим берүү министрлиги мурдараак директордун милдетин аткаруучу кылып №5 гимназиянын жетекчиси Элнура Музаеваны алып барганда мугалимдер кабыл албай, ал кайра кетүүгө аргасыз болгон.
Новопавловкадагы №1 лицейде ата-энелердин айрым тобу лицейде ар бир окуучудан 500-700 сомдон чогултулуп, жылына 28,5 миллион сом топтолорун айтышкан. Алар каражаттын сарпталышы боюнча так маалымат ала албаганына нааразы болуп келишет. Ата-энелер директорду кызматтан кетирүү талабы менен эки ирет митингге да чыгышкан. Мындан сырткары, тийиштүү мамлекеттик органдарга арыз жазышкан.