АКШда окуучусу менен жыныстык катнашка барган мугалим 90 жылга кесилди

29 мая 2019 АКШда окуучусу менен жыныстык катнашка барган мугалим 90 жылга кесилди

АКШнын Вирджиния штатында сурдопедагог 15 жаштагы өспүрүм менен жыныстык катнашка барганы үчүн 90 жылга камакка алынды, деп Fox 5 телеканалы кабарлайт.

Аманда Нассер өзү иштеген мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барды деп айыпталат. Ошондой эле, ал өспүрүмгө өзүнүн уятсыз сүрөттөрүн жиберип, аны менен кездешип туруу үчүн, энеси менен достошуп алган. Алар мугалимдин унаасында жолугуп турушкан.

Башында мыйзам бузуучуга 18-берене боюнча күнөө коюлуп, 230 жылга чейин жоопко тартуу дайындалмак болгон. Бирок, соттун акыркы чечими боюнча ал 90 жылга камакка алынып, 7 жылга эркинен ажыратылды.