Назарбаев: кыргыздарды менден жакшы билген казак жок

29 мая 2019 Назарбаев: кыргыздарды менден жакшы билген казак жок

Эл башы кыргыздар менен казактар бир тууган экендигин айткан.

Казакстандын биринчи ажосу Нурсултан Назарбаев Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып, кыргыздарга мамилеси кандай экендигин айтты.

Эске сала кетсек, Жээнбековдун Казакстанга болгон жумуш сапары 28-майдан 29-майга чейин созулат.

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков "Ак Ордо" мамлекеттик резиденциясында коңшу өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев жана елбасы Нурсултан Назарбаев менен жолукту.

Ал эми эртең, 29-майда, Казакстандын борборунда Евразия экономикалык биримдигинин 5 жылдыгына жана Евразия интеграция идеясынын 25 жылдыгына арналган саммит өтөт.

Эл башы кыргыздар менен казактар бир тууган экендигин айткан.

"Кыргыздарды менден артык билген казак жок. Мен кыргыз элин сүйөм", — деген Назарбаев.

Ал Бишкек шаарында менчик мектебин курууну пландап жаткандыгын айтты.

Жээнбеков мурдагы кесиптеши Назарбаев Борбор Азиянын өнүгүшүнө зор салымын кошкон деген пикирин айткан.

Спутник Кыргызстан