Кытайлык өндүрүшчүлөрдүн Американын Android системасына атаандаш болчу Hongmeng деп аталган операциялык система иштеп чыкканы белгилүү болду.
Түштүккореялык Samsung компаниясы Huawei ишканасынын АКШ менен болгон жаман мамилесинен пайдаланууну чечкен. Бул туурасында Korea Timesбасылмасы билдирди.
Маалыматтарга караганда, компания ушул максатта Samsung Galaxy S10 үлгүдөгү жаңы аппаратты алып чыкмакчы. Бул үчүн Trade-in программасы ишке кирген. Эми Huawei смартфондорунун ээси эски аппараттарын Samsung компаниясынын жаңы телефондоруна алмаштыра алат.
Мындай акция азырынча Сингапурда жүрүүдө. Анын шарттарында Huawei же Honor кардарларына үстүнө кошумча акча төлөп, жаңы Samsung Galaxy S10 алса болору айтылган. Алмаштыруу учурунда эски телефондордун акчасынын бир бөлүгү компенсация болот. Маселен, P20 Pro үлгүдөгүсүн 560 долларга, P20 — 445 долларга, Mate 20 Pro — 755 долларга, Mate 20 — 545 долларга, Nova 3i — 300 долларга бааланган.
Өткөн аптада Дональд Трамптын администрациясы Huawei компаниясын АКШ бийлигинин лицензиясы жок америкалык фирмалар соода-сатык кыла албай турган ишканалардын тизмесине киргизген. Кытайлык бул компания кара тизмеге "Кошмо штаттардын улуттук коопсуздугуна каршы келген ишмердүүлүгү" үчүн түшүп калган. Вашингтон анын продукцияларын Кытайдын атайын кызматтары тыңчылык үчүн колдонот деп божомолдогон.
Мындан улам Huawei жаңы смартфондоруна Android системасы менен Google, Google Play Store тиркемесин орнотууга, Gmail электрондук дарегин колдонууга болбойт.
Кийинчерээк кытайлык өндүрүшчүлөр АКШнын санкцияларына эртерээк даярданып, Android системасына окшош Hongmeng деп аталган операциялык система иштеп чыкканы белгилүү болду.