Кашыңыз мүнөзүңүз тууралуу эмне дейт?

28 мая 2019 Кашыңыз мүнөзүңүз тууралуу эмне дейт?

Адамдын сырткы өзгөчөлүктөрүнө карап жүрүм-турумун аныктап, тагдырын болжоо байыркы доордон бери уланып келет.

Ал эми бүгүнкү күндө ал физиогномика илими катары каралып жатат. Адамдын каштары маанайын дароо билдиргендиктен, алар кулк-мүнөзү тууралуу да көптөгөн маалыматтарды бере алат. Дал ушул себептүү аталган илим тармагында алардын орду өзгөчө. Кашыңыз аркылуу мүнөзүңүздү аныктоого мүмкүндүк берген тесттин жардамы менен жаратылышыңыздагы башка түгүл,өзүңүз билбеген сапаттарыңызды биле аласыз.

Каш –бетиңиздеги бир элемент гана эмес, аны менен катар адамдар ортосундагы мамиле куралы. Адам эч кандай сөз айтпай каш кыймылы аркылуу эле ичиндегисин башкага жеткире алат. Ал тургай, каш формасын түздөө аркылуу тагдырды да өзгөртүүгө боло турганы жөнүндө айтылып жүрөт.

Сүрөткө кылдат карап, өзүңүздүн кашыңызга туура келген каш түрүн тандагыңыз. Ага берилген сыпаттама аркылуу өз мүнөзүңүздөгү өзгөчөлүк жана жашыруун касиеттер менен таанышыңыз.

Жаа сымал каш

Көпчүлүк дал ушул каш түрүн кынтыксыз деп санашат. Жаа сымал каштын ээлери –акылы менен эмес, сезими менен жашаган адамдар. Жеңил мүнөзү да жок эмес. Алар алдына койгон максаттарын көп өзгөртүшөт. Ал тургай, максаттары бири-бирине карама-каршы келип калышы мүмкүн. Бүгүн гана сахнага чыгып, жылдыз болууну кыялданса, эртең геологиялык экспедицияга жол тартууну кааласа таң калычтуу эмес. Ошентсе да, акылга салып, туура жана туура эмесин ажыратып максат койсо, көздөгөнүнө  милдеттүү түрдө жетет. Адатта мындай адамдардын жакшы артист чыгат. Алар жашоодо ар нерсенин жакшы жагын көрө билет, ага кошо тамашаны жакшы кабыл алат. Ошол себептен айланасындагылардын көңүлүн таап, жакшы мамилени сактайт.

Кыйгач каш

Мындай каш ээлери –татаал маселенин чечимин ылдам таап, туура багытын аныктай билген тапкыч адамдар болушат. Аларды алдап коюу мүмкүн эмес. Себеби табиятынан жөндөмдүү, акылдуу келгендиктен, бир көргөн эле адамдын ичиндегисин билип, куулугун алдын ала сезет. Иштин баардык чөйрөсүн оңой алып кеткен мындай адамдар каржы жаатында табышкер болуп, ийгиликке жетишет. Бирок, алардын өздөрүндөгү максаттары кээ бир учурда ишенимсиздикти жаратат. Ал эми бул өз кезегинде адамдар менен болгон мамилесине кыйынчылык туудурат.

Тик бурчтуу каш

Авантюрага, тобокелге барган жана дайыма жаңы таасир алууга талпынуу тик бурчтуукаш ээлерин башка адамдардан өзгөчөлөнтүп турат. Мындай адамдар – жанындагылардын көңүлүн өзүнө буруп, кызыкчылыкжарата алган баштоочулар. Узакка созулган туруктуу иштер аларды тажатып, эркиндигин байласа, жашоодогу, ишиндеги көп өзгөрүштөр өзүнө күч-кубат тартуулайт. Сынык каштын ээлеринин жанында эрикпешиңиз анык. Алар, жада калса маанилүү иштен өзүнө түрдүү өзгөртүүлөрдү киргизип, өзүнө-өзү түрткү берип, ар дайым жаңылыктын баштоочусу болот.

Түз каш

Түз каш –түз, туруктуу мүнөздүн белгиси. Мындай каш ээлери жашоодо эмне зарыл экенин билет, көздөгөн максатына ишенимдүү кадам таштап, жолундагы ар бир кыйынчылыкты жеңип өтөт. Буга кошо алар –активдүү, компотенттүү жана жүйөлүү. Аларды жумуштагы кесиптештери кесибин мыкты аткарып, ар бир ишин жоопкерчилик менен жасаганы үчүн бааланат. Ал эми кандай учур болбосун колун созуп, татаал иштин түйүнүн чече ала турган жөндөмдүүлүгү үчүн жакындары, достору өзгөчө сыйлашат. Жашоо көрсөткөндөй, көбүнө түз каш ээлери башчылык кызматты аткарышат. Алар үчүн мансап жашоонун башкы маңызы эмес. Ар дайым эс алуу менен мамилеге жашоосунан орун таба алат.

Жогору көтөрүлгөн каш

Жогору көтөрүлгөн каш –туруктуулук менен максатка умтуулунун белгиси. Мындай каш ээлери туруктуулугу, чынчылдыгы, ишенимдүүлүгү менен өзгөчөлөт. Көбүнчө алар ишти дароо, тез темп менен башташпайт. Кыбырап жүрүп,кыр ашканды туура көргөн бул адамдар белгилүү бир даражага жеткен соң ийгиликке тез жетип, байлыкка чөмүлөт. Алар кандай учур болбосун алдын ала болжоп, туура багыт тандай алгандыктан ар бир ишти өз ыңгайына келтирүүнүн чебери.

“Кичинекей үй” сымал каш

Назиктик, сезимталдык, кайрымдуулук –“кичине үй” сымал каштын ээлеринен табыла турган сапаттар. Көбүнчө мындай адамдарга жашоосундагы кыйынчылыктарды өзү жалгыз жеңүү кыйынга турат. Ошондуктан, алардын жанында колдоо берип, башчылык кылган адамдардын болушу керек. Алар курчаган айлана-чөйрөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү, адамдардын маанайын түшүнүп, айланасындагылардын иш-аракеттеринин түпкү себебин айта алышат. Башына иш түшкөн адамдарга бул каштын ээлери чыныгы боорукер болуп, жардамга колун сунат. Кыял дүйнөсү кең, ар учурга өзүнүн көз карашы бар бул адамдар чыгармачылык жаатта ийгиликке жетишет.