Атасы 12 жашка толгон уулунун туулган күнүндө стриптиз бийчилерин белек кылды

28 мая 2019 Атасы 12 жашка толгон  уулунун туулган күнүндө стриптиз бийчилерин белек кылды

Америкалык миллионер уулунун 12 жашка толгон күнүнө карата эки стриптиз бийчисин белекке берди.

Туулган күн белгилеп жаткан балдар арасына келген жарым жыңалач кийинген кош бийчи миллионердин уулу менен жабыша бийлешип, “өнөрлөрүн” көрсөтүшкөн.

68 жаштагы миллионер уулунун туулган күнүн ушундайча өзгөчө кылып белгилеген. Ал Майамиде яхта жалдап, уулунун жана өзүнүн досторун чакырган. Анын уулуна жасаган белектеринин бири стриптиз бийчилери болду.

Бийлеп жүргөн туулган күн ээсинин жарым жыңалач болуп алганын, ошол эле учурда миллионердин өзү да балага кантип бийлеп, эмне кылуу керектигин үйрөтүп жатканын байкоого болот.