Токтогазиев Тилек Мурсалиевич — өмүр баяны

27 мая 2019 Токтогазиев Тилек Мурсалиевич — өмүр баяны

Тилек Токтогазиев 1990-жылдын 26-декабрында Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү.

Билими:

2013-жылы Кыргыз-Россия славян университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча бүтүргөн. 

Эмгек жолу:

2009 — алгач сүт коктейлдерин сатып, кийин медициналык жабдууларды ташыган "Лависта" ишканасын негиздеген;

2012 — муктаж болгон үй-бүлөлөргө күнөскана иштетүү боюнча социалдык долбоорун баштаган;

2014 — жабык жерде жер-жемиш өстүрүү менен алектенген "Жашыл чарба" компаниясын негиздеген;

2018 — Кыргызстандын күнөсканалар ассоциациясынын төрагасы.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын, Кыргызстандын социалдык ишкерлер ассоциациясынын жана Бишкек ишкердик клубунун мүчөсү.

2017-жылы "Аракет - 2016" улуттук сыйлыгына "Жылдын эмгекчили" номинациясына татыган. Ошол эле жылы Президент Алмазбек Атамбаевдин колунан "Экономикага кошкон салымы үчүн" Ардак грамота алган.

Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.

Спутник Кыргызстан