Ташкентке келген Хабибди Мирзиёевдин күйөө балдары коноктоду

27 мая 2019 Ташкентке келген Хабибди Мирзиёевдин күйөө балдары коноктоду

Мушкер ооз ачарга даярдалган палоо өзгөчө экендигин жазган.

Россиялык мушкер, жеңил салмактагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Ташкентке барды.

Мушкер Instagram баракчасына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин күйөө балдары Ойбек Турсунов жана Отабек Шаханов менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

"Меймандостугуңуздар үчүн рахмат сиздерге, туугандар! Ташкентте күн бир аз салкын, бирок ооз ачардагы Самарканддын палоосу жылытып жатат", — деп жазган Нурмагомедов.

Мушкер Мирзиёевдин кенже уулу  жана  эки күйөө баласы менен сүрөткө түшкөн.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов Кыргызстанга өткөн жылдын башында келип, күйөрмандары менен жолугуп кеткен.

Спутник Кыргызстан