Эркектин уруктугу аялдардагы залалдуу шишикти айыктырат

27 мая 2019 Эркектин уруктугу аялдардагы залалдуу шишикти айыктырат

Чыгыш жана Түштүк Чыгыш Европанын Лейбниц атындагы изилдөө институтундагы немис окумуштуулары сперматозоидди аялдын жыныс органдарындагы залалдуу шишикти айыктыруу максатында колдонууну сунушташты, деп кабарлайт ACS Nano басылмасы.

Тажрыйбанын жүрүшүндө адистер сперматозоиддердин жардамы менен аялдын жыныс органындагы залалдуу шишик клеткаларынын 87 пайызын 3 күн ичинде жоюшкан.

Маалымдалгандай, окумуштуулар эркек кишинин жыныс клеткаларынан бөлүнүп чыккан ферментти залалдуу шишик менен зыян тарткан жатын тканына шишикке каршы доксорбуцин дары-дармегин жеткирүү үчүн колдонушкан. Ал үчүн сперматозоиддерди дары менен түзөп, атайын магниттүү микромоторлорду орнотушкан. Аталган микромоторлор аркылуу денедеги ткандардын кыймылын көзөмөлдөөгө болот. Ошондо сперматозоид залалдуу шишик менен жабыркаган тканга орнотулуп, андан доксорбуцин дары-дармеги бөлүнөт.Окумуштуулардын пикири боюнча, бул жол аркылуу доксорубициндин таза ткандарга таасир этүүнүн натыйжасында келип чыккан дарылоонун терс таасиринен арылууга болот.

Мындан тышкары, адистердин сунушу боюнча, мындай сперматозоиддерди эндометриозду дарылоого, жатындагы кош бойлуулуктун алдын алууда колдонууга болот.