50 жаштагы киши 10 жаштагы кызга үйлөнө албай калды

27 мая 2019 50 жаштагы киши 10 жаштагы кызга үйлөнө албай калды

Пакистанда полиция 50 жаштагы киши менен 10 жаштагы кыздын үйлөнүү тоюнун алдын алды. 10 жаштагы кызды үй-бүлөсү 4500 АКШ дооларына сатып жиберген экен. Мыйзамсыз никеге жол бермек болгон 11 адам кармалды.

Полиция билдиргендей, 19-декабрь күнү Пакистандагы Синдх шаарында укук коргоочулар 50 жаштагы Житмал Мехар менен 10 жаштагы кыздын никеге турганы жатканы жөнүндө билдирүү түскөн.

Полиция кызматкерлери жергиликтүү нике аземин өткөрүүчү Житмал Мехардын үйүнө басып кирип, үйлөнүү тойдогу катышуучуларды кармаган. Бирок, күйөө бала качып үлгүргөн.

10 жаштагы колуктунун энеси Масмат Набиаттын айтымында, ал бир кездерде күйөөсүнүн дарылоосун төлөө үчүн карыз акча алган экен. Бирок, убактысы келгенде алган карызын кайтара алган эмес. Башында аларга карызын кайтаруу үчүн үйүн сатуу сунушталган. Андан кийин ортомчу жубайларга 10 жаштагы кызын Житмал Мехарга турмушка берүүнү сунуштаган. Өз кезегинде 50 жаштагы Житмал Мехар үй-бүлөгө 7000 АКШ долларын берүүгө даяр болгон.

Шарият боюнча нике аземин өткөргөн дин кызматкери колуктунун жашын билбегенин айткан. Ага бир гана никеге турганы жаткан адамдардын ысымы айтылган.

20-декабрь күнү камакка алынган жарандар сот залында жооп беришти. Сот залында кыздын атасын үйүнө жиберүү тууралуу өкүм чыгып, калган айыпталуучулар тергөөнүн аягына чейин камакта калтырылган.

Пакистандын мыйзамы боюнча, балдар менен никеге турган жарандар 2 жылдан ашык эркинен ажыратылат.