Кеч уктоо кандай зыяндарга алып келет

27 мая 2019 Кеч уктоо кандай зыяндарга алып келет

Дем алыш күндөрү эркин болуп, түнү бою интернетте олтуруп же китеп окуп көптөгөн адамдар кеч укташат. Бул уйку режимин бузат. Кеч уктоонун айынан организмге көп күч келип, түрдүү оорулардын жаралышына себеп болот. Ошондуктан, кеч уктоонун зыяндуу жактарын биле жүрүңүз.

1.Өнөкөт чарчоо

Адамда нормалдуу уйку болбогондуктан, убакыттын өтүшү менен денеде ички стресс арта баштайт.Натыйжада, өнөкөт чарчоо пайда болуп, дене өзүн-өзү кайра калыбына келтире албай калышы мүмкүн.

2. Сулуулуктан айрылуу

Уйку – бул сулуулукту сактоо үчүн эң натыйжалуу жана бүтүндөй акысыз жол. Себеби, уйку учурунда клеткасында регенерация жүрүп, ткандар кайра калыбына келет.

3. Ашыкча салмак

Америкалык окумуштуулар өз убагында уктаган аялдар оорудан тез айыгышарын далидешкен. Организмдеги уйку жетишсиздиги зат алмашууну начарлатат жана ашыкча салмак кошуу процесси 2 эсе ылдам жүрөт.

4. Иммундук системанын алсырашы

Баары ачык-айкын жана жөнөкөй: түндө организм калыбына келип, жаңыланат, ал иммундук системаны бекемдөөгө жардам берет. Түндө иммундук системанын активдүү клеткалары, күн бою денеге кирген патогендүү микроорганизмдерди жоёт. Уйкунун үзгүлтүккө учурашы, организдин сасык тумоо менен оору коркунучун 3 эсе жогорулатат. Чоңдорго дени са болушу үчүн 7-8 саат уктоо керек.

5. Картаю

Түнкү уйку учурунда, тери клеткалары калыбына келет, кан айлануу жакшырып, клетканын кычкылтеги, амин кычкылдары менен каныктырууга мүмкүндүк берет. Тери түсүн, жылмакайлыгын табигый жол менен жакшыртат. Бирок, бул процесс 8 сааттан кем эмес уктаган учурда жүрөт.