Бала 3 жашка чейин энеси менен чогуу жатышы керек

27 мая 2019 Бала 3 жашка чейин энеси менен чогуу жатышы керек

Аталар үчүн жагымсыз жаңылык! Окумуштуулардын айтымында, бала кем дегенде үч жашка чейин энеси менен укташы керек. Себеби бул жай алардын жүрөгүнүн иштешин жакшыртат.

Изилдөө жүргүзгөн дарыгерлер жаңы туулган баланы энесинин кучагына жана төшөккө жаткырып, салыштырып көрүшкөн. Натыйжада энесинин кучагында жаткан бала узагыраак ары тынч уктаган, ал эми төшөктө жаткан наристенин уйкусу качып, жүрөгү тез-тез сого баштаган. Төшөктө жаткан 16 баланын төртөөсү гана тынч уйкуга батса, калгандары өздөрүн оор сезишкен.

Түштүк Африка университетинин дарыгери Нильс Бергмандын айтымында, алгачкы бир нече жумада бала энесинин кучагында, ал эми андан кийин кеми 3-4 жашка чейин энеси менен бир төшөктө жатышы керек.