Кудай сакта! АКШда бүт үй-бүлө мүчөлөрү жынысын алмаштырышты

24 мая 2019 Кудай сакта! АКШда бүт үй-бүлө мүчөлөрү жынысын алмаштырышты

АКШдагы Аризона штатында 4 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн баардыгы жынысын алмаштырышты, деп кабарлайт Daily Mail басылмасы.

Басылманын маалыматы боюнча, азыркы убакта үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрү “трансгендерге өтүү мезгилинде” болуп саналат. Бул дененин башка жыныска алмашуусун билдирет.

Ошентип, эки баланын 41 жаштагы энеси жынысын эркек кишиге алмаштырып, Даниел Херротт ысымын алган. Ал эми анын эркек киши болуп туулган 62 жаштагы күйөөсү –Ширли Остин деген айымга айланды.

Жубайлардын сөзүндө, алар балдарынын өздөрү каалагандай жашап, аларды коом ошол калыбында кабыл алуусун кыялданышат.

Алардын 13 жаштагы кызы Джошуа уул болуп төрөлгөн. Бирок 6-7 жашында өзүн кыз катары сезе баштаган. Ал эми 11 жаштагы уулу Мейсон кыз болуп төрөлгөнү менен, өзүн уул баладай сезет.

Басылмага берген маегинде үй-бүлө мүчөлөрүнүн баардыгы жынысын алмаштыргандан кийин, өздөрүн табышканын айтышат. Мындай кадам аркылуу алар өздөрүн сүйүктүү, ары бактылуусезишет.