Аны тоюндуруудан чарчадым: Энеси 2 жашар кызын муунтуп өлтүрдү

24 мая 2019 Аны тоюндуруудан чарчадым: Энеси 2 жашар кызын муунтуп өлтүрдү

2 жаштагы кызын муунтуп өлтүргөн Карина Гомес кызын мындан ары тамактандыра албай турганын, кызын да азаптан арылтуу үчүн муунтуп өлтүргөнүн айтты.

“Мен абдан чарчадым. Аны тойгуза албайм. Аны өлтүрдүм, эми бала деп кыйналбай турган болом”, - дейт энеси.

Окуя Буэнос-Айресте болгон. Эжеси сиңдисинин бөлмөсүнө киргенде энеси кызын төшөккө ороп көчөгө карай жүгүргөн. Артынан кууп жеткенде баланын көпкөк болуп жатканын көрөт.

Учурда иш адам өлтүрүү беренеси боюнча каралып жатат.