Ата-энесинен көп уруш уккан балдар кийин инфарктка көп чалдыгышат

24 мая 2019 Ата-энесинен көп уруш уккан балдар кийин инфарктка көп чалдыгышат

Окумуштуулар балдарды жазалоонун ден соолукка коркунучтуу жактарын айтып беришти. Бала кезинде ата-энесинен көп уруш уккандардын чоңойгондо жүрөгү начарлай баштайт.

Лондон университетинин кызматкерлери ушундай жыйынтыкка келишти. Алар жүрөк кан-тамыр, инфаркт ооруларынын себебин аныкташты.

Бул жыйынтык азырынча так эмес. Кээ бир адистер бала кезиндеги тынчсыздануусу адамга кийин таасир бербейт дешсе, ал эми кээ бирлери муну далилдөөгө аракет кылышууда. Экинчи тараптын айтуусу боюнча, бала чагында стресске кабылса, ата-энеси тарабынан көп жазаланса, анын таасири бой жеткен кезде инсультка, жүрөк талмасына алып келиши мүмкүн.