Азыркы учурда Орто Азия беш мамлекеттин башын кошот, ал адатта бир регионго бириктирет. Анткени, алардын баары узак мезгилден бери келе жаткан жалпы тарыхый өтмүшкө, тыгыз маданий жана этникалык айкалышка ээ. Бирок, азыркы учурда борбор азяи өлкөлөрү мунун баарына карабай, бирдиктүү геосаясий регионго айлана алган жок деген талкууларды угууга болот. Ал региондо өлкөлөрдүн ар бири дал ушул сапатта өзүн толук кандуу сезе алмак.
Ошондуктан, Борбордук Азиянын бирдиктүү жана айкалышкан регион катары эсептөө азыркы учурда азыркы беш мамлекеттин тарыхый өтмүшүнө гана негизделген абстракция бойдон гана калууда. Бул региондун чек аралары XIX кылымдын акырына гана карата так аныкталган, ошол учурда ал ошондогу Орусия империясынын курамында болуп, советтик мезгилде бекемделген. Бирок, ошол учурда ал “Орто Азия жана Казакстан” деген эки атка ээ болгон, анткен менен бул батыш адабиятында ага карата азыркы Борбордук Азия деген түшүнүктү колдонууга тоскоол болгон эмес. Бирок, азыр деле бул түшүнүктүн бир нече талкуусу бар. Мисалы, америкалык “Чоң Борбордук Азия” долбооруна ылайык ага бизге белгилүү беш республика эле эмес, Ооганстан да кирет. Борбордук азия түшүнүгүнүн башка тактовкаларынын катарына Монголияны, Синьцзянды жана Тибет дагы кошсо болот.
Мындай так эместик жана Борбор Азиянын чек араларынын көп түрдүүлүгү региондун кайсы бир деңгээлде өзүнүн толук калыптанып бүтүү баскычында тургандыгын көрсөтөт. Ошондуктан, Борбордук Азиянын өзүндөгү абалды жана ага таандык экендигин ар кандай кабыл алгандыгы таң калыштуу эмес, бул регион жөнүндө геосаясий мааниде эмес, конкреттүү географиялык чийин маанисинде сөз кылууга туура келет.
Мунун себеби көп, бирок биз кыйла маанилүүлөрүн бөлүп карайбыз.
1. Региондун бардык өлкөлөрү өздөрүн борбор азиялык деп эсептешпейт
Мисалы, Түркмөнстан эгемендикке ээ болгондон бери дээрлик өзүн толугу менен калыс өлкө катары көрсөтүп келет – бул өзүнчө регионалдык “Швейцарияны” элестетет. Ушул себептен, ал бир дагы регионалдык уюмдарга, интеграциялык долбоорлорго кошулган эмес, ошол эле учурда региондогу коңшу өлкөлөр менен болгон байланышы да өтө чектелген. Региондун башка өлкөлөрүнө салыштырганда Түркмөнстан коңшу Иран менен өтө тыгыз мамиледе.
Ушуга окшош эле позицияны Тажикстан ээлеп келет. Анын 1992-1996-жылдар аралыгында болгон жарандык согуш учурунда Өзбекстан менен мамилеси татаалдашып кеткен. Согуш аяктагандан кийин бул мамлекеттин ичиндеги түрк тилдүү мурас менен купуя күрөштүн жүрүшүндө регион боюнча ушул белгиден улам башка коңшулардын алыстап кеткен. Ошондуктан, региондо Тажикстан азыркы учурда ага толугу менен аралашы албай, өзгөчө орунду ээлеп келет.
Казакстан дагы өзүн толук кандуу борбор азиялык мамлекет катары эсептебейт. Бул анын райми риторикасында чагылдырылат, анда ал өзүн евразиялык мамлекет катары көбүрөөк тааныйт. Ал өзүн Азия менен Европанын ортосундагы цивилизациялык жана географиялык көпүрө деп эсептеп, аны менен анын анча чоң эмес бөлүгү (Урал суусунун батыш тарабы) Европа континентинен орун алган деп белгилеп келет.
Өзбекстан өзүнүн эгемендик жылдары аралыгында өзүн борбор азиялык мамлекет катары позициялап келет, ошол эле учурда өзүнүн өз алдынчалыгына жана мамлекеттүүлүктүн мурунку салттарына басым жасайт. Бирок, бир катар себептердин жыйынтыгында регион боюнча коңшу өлкөлөр менен болгон мамилеси дээрлик татаалдап кеткен, муну менен жалпы регионалдык бирдейликтин калыптануусун жана бекемделүүсүн татаалданткан.
Бул мааниде Кыргызстан Өзбекстанга кыйла жакын, Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилси 2000-жылдардын башында бир топ алдыга жылып барып, кийинчерээк солгундап кеткен, андан кийин ал мамилелер кыйла чектелип калган. Региондогу башка коңшулар – Казакстан жана Тажикстан менен дагы терең жана ар түрдүү мамилелер жакшы жолго салынган эмес. Бул дагы бирдиктүү регионалдык бирдейликти түшүнүүгө мүмкүндүк бербейт.
Муну менен, азыркы учурда Борбордук Азиянын ар бир мамлекетинде аталган регионду жеке жана ар түрдүү түшүнүү жана кабыл алуу түптөлүп калган. Регионалдык деңгээлде бул түшүнүктү бирдей жана жалпы кабыл алуунун жоктугу ачык көрүнүп турат, аны толугу менен ачык көрүнгөн этно маданий жалпылык алмаштырат.
2. Мамлекеттик деңгээлдеги идеологияларды алып чыгуудагы айырмачылыктар
Беш мамлекеттин ар бири такыр бири-биринен айырмаланган мамлекеттик идеологияны курууга жана бекемдөөгө аракет кылып келет, алар айрым учурда түрдүү позицияларды ээлеп, жада калса жаңжалга чейин жеткирет. Мына ушул Борбор Азияда бирдиктүү регионалдык бирдейлимктин жоктугу менен тыгыз байланыштуу. Алардын негизинде, эреже катары, улуттук (этно маданий) өзгөчөлүктөр жана жеке өзүнүн тарыхый өтмүшүн кабыл алышы жатат. Бул жыйынтыгында региондун өлкөлөрү үчүн кандайдыр бир реалдуу биримдикти түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Бул мааниде өзгөчө орунду Казакстан ээлейт, ал он беш жылдын аралыгында авразия боюнча өзүнүн вариантын сунуштап келет. Ал аны мурунку көчөмн цивилизациянын жетишкендиктери менен орус жана батыш цивилизациясынын жакшы жактарын айкалыштыргандыгы менен негиздейт. Ал эми акыркы жылдары бул концепция Казакстан (жана казак эли) – бул кубаттуу Алтын Ордонун мыйзамдуу мураскери деген конструкция менен конкреттештирилип жатат жана иш жүзүндө чүмбөттөлгөн улутчулдукка айланып баратат. Албетте, мындай түшүнүктө казакстандын мамлекеттик идеологиясы региондогу коңшуларына кабыл алынбайт жана түшүнүктүү эмес.
Андан кем калышпаган идеологиялык оюн Тажикстан ишке ашырып жатат. Тажиктер – тарыхый арийлердин чыныгы мураскерлери экендигине ишенишет, ошол себептен алар өздөрүнүн өзгөчө тарыхый ролунда мифтик мураскерлер болуп саналат. Мындан улам өлкөдө бардык түрк тилдүү эл менен билинбеген күрөш жүрүп келет. Бул өлкөнүн ичиндеги биримдикке таасирин тийгизбей келет, ал жакта калктын бештен бир бөлүгүн этникалык өзбектер түзөт. Албетте, Тажикстанда мындай идеологиянын жайылтылышы бул мамлекетти бир эле түрк тилдүү коңшуларынан бөлүп тим болбой, иш жүзүндө алар менен болгон мамилени да бузуп келет. Мындай болушун күтүүгө болот эле, анткени “арийлик” – бул улутчулдуктун варианты.
Өзбекстан дагы бул жаатта өзгөчө позицияны ээлеген. Өзбекстандын мамлекеттик идеологиясында анын аймагында кайсы бир мезгилдерде болгон бардык мамлекеттер менен элдердин идеясын кабыл алуучулук кызыл жибек менен өткөн. Ошол эле учурда белгилүү бир тажик элементинин ролу көз көрүнөө четке кагылган. Анын башка кызыктуу учуру болуп Өзбекстандын тарыхый өтмүшүндөгү көчмөндүк элементтин мааниси төмөндөтүлгөндүгү саналат. Тескерисинче, өзбек мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын булактара андан көз каранды болгон эмес жана жергиликтүү отурукташкан калктын негизинде деп айтылат. Мындай көз караштардын баары бардык коңшу мамлекеттердин кабыл албоосуна алып келет.
Түркмөнстан мамлекеттик идеолоияны түзүүдө эң акыркы орунду ээлейт. Ал түркмөндөрдүн өзгөчө тарыхый жана этно маданий жолуна басым жасайт. С.Ниязов президент болуп турган учурда бул процесстер эң радикалдык формага өтүп, өлкөнү обочолоого алып келген. Бирок, Г.Бердымухамедовдун тушунда бул идеология жумшарганы менен, бул жаатта көрүнүктүү базалык жылышка алып келген эмес.
Биздин республика идеологиялык жактан узак убакыт бою өзүнүн жолун таба албай келген, бир жагынан коңшу мамлекеттердин идеологиялык системасы өзүнүн мазмуну боюнча бизге жөн гана туура келген эмес. “Манастын жети осуятына” ийгиликсиз негизделген идеология өзүнүн заманбап трактовкасында кыргыз элинин көчмөндүк өтмүшүнө акырындап басым жасоого алып келди. Муну дагы мамлекеттик улутчулдуктун өтө жеңил формасы катары мүнөздөөгө болот.
Ошентип, Борбор Азиянын мамлекеттериндеги мамлекеттик идеологиянын калыптануусуна жана өнүгүүсүнө болгон көз жүгүртүүдөн кийин алардын айырмачылыгы өтө чоң экендиги белгилүү болот жана өзүн бирдиктүү маданий контекстте кабыл алууга таасир эте албайт.
3. Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы регионалдык саясий атаандыштык
Эгемендикке ээ болгондон кийин Борбордук Азияда ушул эки мамлекеттин ортосунда биринчилик үчүн региондун ичинде күрөш жүрө баштады. Казакстан Борбордук Азияда эң чоң аймакка ээ, бирок калкынын саны аз – болгону 18 млн киши (анын үстүнө расмий маалыматтар жогорулатылган деп болжолдоого болот, өлкөнүн калкынын чыныгы саны бир топ төмөн), ал эми Өзбекстан региондогу калк эң жыш жайгашкан мамлекет болуп саналат, анын калкы 33 млн кишини түзөт. Регионалдык ченемдер боюнча эки мамлекет тең ири аскердик потенциалга, ошондой эле салыштырмалуу туруктуу сырьёлук экономикага ээ.
Өзбекстанда жана Казакстанда экономикалык жана саясий туруктуулукту бекемдөө боюнча эки мамлекет регионалдык интеграциянын локалдык долбоорунун эсебинен өздөрүнүн басымын кеңейтүү боюнча демилгелерин көрсөтүп жатат. Өзбекстандын бардык коңшулары менен болгон татаал мамилесин эске алганда Казакстандын мурунку президенти Н.Назарбаев 2007-жылы Борбордук Азия биримдигин үзүү демилгесин көтөрүп чыккан. Ал регионалдык эл аралык уюм экономикалык жана саясий интеграциялык долбоорлорду ишке ашырмак. Бирок, ошондогу өзбекстандын лидери И.Каримовдун иш жүзүндөгү каршылыгынан бул биринчи жана азырынча акыркы регион ичиндеги интеграциялык долбоор кагаз жүзүндө гана калган. Бул Борбордук Азиянын мамлекеттери өз алдынча жана узак мөөнөттүү биримдиктерге даяр эместигин көрсөттү. Ошентип интеграция идеясы төрөлбөй туна чөктү.
4. Түрдүү экономикалык кызыкчылыктар
Иш жүзүндө борбор азиянын ар бир мамлекети анык көрүнгөн экономикалык кызыкчылыктарга ээ. Бул көпчүлүк жагынан алардын баары сырьёлук экономикага ээ болгондугу менен байланыштуу. Алар көбүнчө окшош товарларды жана ресурстарды өндүрүшөт, алардын негизги бөлүгү региондон сырткаркы аймактарга жеткирилет. Мисалы, нефти өндүрүүдө Түркмөнстан менен Казакстандын ортосунда чоң атаандаштык бар, ал эми Түркмөнстан менен Өзбекстандын ортосунда газ өндүрүүдө атаандаштык бар. Акыркы фактор чет өлкөгө ушул жаратылыш ресурстарын жеткирүүнү токтотууга алып келди. Региондун өлкөлөрүндө айыл чарбасын өнүктүрүүдө дагы карама-каршылыктар бар. Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын ортосунда ушул мамлекеттер үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон “ак алтын” – пахтаны региондун чегинен тышкары реализациялоодо дагы өз ара күрөш бар. Ошондой эле, эт жана сүт азыктарынын рыногунда дагы атаандаштык байкалат. Мунун натыйжасында акыркы бир нече жыл бою Кыргызстандан Казакстанга эт жеткирүү транзити бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын ортосунда орусиянын рынокторуна жашылча-жемиштерди, жаңгактарды жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүдө күрөш бар.
Мунун натыйжасында Борбордук Азияда бирдиктүү экономикалык мейкиндик куруунун негиздерине жол ачылбай, мамлекеттер аралык региондук корпорациялар түзүлбөй, региондун өлкөлөрү артыкчылыкка ээ болгон экономикалык продукциялардын сырткы рынокторуна жеткирүү жолундагы кызматташтык бир жактуу жолго салынбай келет.
Бардык ушул процесстердин натыйжасында региондогу жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүү менен байланышкан маселелер курчуп жатат. Биринчи кезекте сууга байланышуу. Ал айыл чарбасынын дараметин сактап калуу үчүн, өзгөчө пахта өндүрүүдө өтө маанилүү. Бул көйгөй ушул күнгө чейин чечилбей келет. Анткени, борбор азиянын бир дагы мамлекети өзүнүн жеке экономикалык кызыкчылыктарынан баш тартпайт. Жыйынтыгында региондун экономикалык эле эмес, саясий планда дагы бөлүнүп-жарылуусуна алып келүүдө.
5. Регионалдык деңгээлдеги бирдиктүү коопсуздук системасынын жоктугу
Борбор Азиянын өлкөлөрү бирдиктүү жана өз алдынча коопсуздук системасын түзө алышкан жок. Ал азыркы чакырыктарга өз алдынча жооп бере алмак. Бул буга чейин сөз болгон Өзбекстан менен Казакстандын ортосундагы лидерлик үчүн болгон атаандаштыкты иш жүзүндө ишке ашыруу деген себептен улам пайда болгон фантомдук коркунучтар менен шартталган.
Аталган деңгээлде коопсуздукту камсыз кылган жалгыз регионалдык уюм болуп 1992-жылы түзүлгөн, бирок толук кандуу формага он жылдан кийин гана айланган ЖККУ саналат. Ал региондун негизги бөлүгүн бириктире алды. Түркмөнстан ага кирбейт. 1999-жылы Өзбекстан дагы жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимге катышуусун токтоткон. Ага регионалдык лидер болуу амбициясы себеп болгон.
Ошондуктан азыркы учурда ЖККУ Борбордук Азиянын анча чоң эмес бөлүгүн бириктирет. Ошол эле учурда региондун өлкөлөрүнүн негизги бөлүгү сырткы коркунучтарга каршы турууда жеке өздөрүнүн стратегияларын өнүктүрүүгө басым жасап келет. Аларды ушул эл аралык уюмдун деңгээлинде айкалыштыруусу өтө начар.
6. Борбордук Азия мамлекеттеринин сырткы саясий багыттарынын ар түрдүүлүгү
Борбордук Азиянын ар бир мамлекети бир эле регионалдык эл аралык уюмдарга мүчө болуу менен сырткы саясий багытын өз алдынча жүргүзүүгө аракет кылып келет. Көпчүлүк учурда региондун мамлекеттеринин ортосунда макулдашылган чечимдер кагаз жүрүндө гана калат, ишке ашырылбайт. Ошондуктан, бул региондун мамлекеттеринин алдында турган стратегиялык проблемаларды жана чакырыктарды чечүүдө регионалдык деңгээлде жалпы кадамдар иштелип чыккан эмес деп айтууга болот.
Бул көп учурда бул жогоруда аталган себептер менен байланыштуу, мындан тышкары Борбор Азия мамлекеттеринде чечимдерди кабыл алуу бир адамдан же тар чөйрөдөгү адамдардан өз каранды болгон өзгөчө фактор бар. Ошондуктан, алардын сырткы саясатына региондун мамлекеттеринин лидерлеринин өз ара таарынычтары, амбициялары маал-маалы менен таасирин тийгизип турат.
7. “Сырткы” интеграциялык долбоорлордун басымдуулук кылышы
Жеке интеграциялык долбоорлордун жоктугу жана алардын кыйрашы алардын Борбордук Азиянын ичинде пайда болбой, сырттан келүүсүнө себеп болууда.
Өткөн жылымдын 90-жылдарында эгемендиктин баштапкы баскычтарында иштей турган регионалдык биримдикти түзүү демилгесин колдон чыгарып жиберип, региондун мамлекеттери башка мамлекеттердин геосаясий долбоорлорунун алкагында калды. Анын ачык мисалы Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) болуп саналат. Ал 2001-жылы толугу менен түзүлүп бүткөн. Башында бул региондо Орусиянын басымынын төмөндөөсүнөн жана ага Кытай элдик республикасынын кирип келүүсүнөн улам туруктуулукту сактоого багытталган орус-кытай интеграциялык долбоор болчу. Кийинчерээк анын иш алып баруу чөйрөсү кеңейип гана келүүдө. Азыркы учурда бул уюм Борбор Азиянын бардык мамлекеттерин бириктирет, буга дагы Түркмөнстан кошулган эмес.
Борбордук Азиянын маанилүү бөлүгүн өзүнө камтыган дагы бир ири интеграциялык болбоор болуп ЕАЭБ саналат. Орусия, Белоруссия жана Казакстандын интеграциясынын базасында бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясын Н.Назарбаев сунуштаганына карабай, ЕАЭБ орусиялык долбоор экендигин моюнга алуу керек. Анын институттары 2014-2015-жылдары толугу менен түзүлүп бүткөн. Региондо ал өзүнө Казакстан менен Кыргызстанды кошуп алган. Ошол эле учурда Тажикстан ага кирүүнү караштырып жатат. Өзбекстан бул уюмга карата күтүү позициясын ээлеген, азырынча ага кирүү аракетин көрө элек.
ЕАЭБ менен ШКУ Борбордук Азияны ага мүчө болгондугу менен бөлүп турат жана регионалдык деңгээлде бул мамлекеттердин биримдигине таасир тийгизбейт.
8. Сырткы фактор
Борбордук Азия өлкөлөрү эгемендикке ээ болуп, өнүгүүнүн баштапкы баскычына тургандан тартып, ал Орусиянын, АКШнын жана Кытайдын кызыкчылыктарынын кагылышуусунун аймагына айланды. Кийинчерээк региондо ЕБнын (анын айрым өлкөлөрүн кошкондо), Түркиянын, Жапониянын, Түштүк Кореянын, Ирандын, Индиянын жана жада калса Перс булуңунда жайгашкан бир катар араб өлкөлөрүнүн позициялары жана саясий демилгелери пайда боло баштады. Аталган геосаясий “оюнчулар” түрдүү конфигурациядагы карама-каршы туруулары тигил же бул формада ушул күнгө чейин уланып келет.
Борбордук Азияда бирдиктүү регионалдык биримдикти түзүүгө такыр кызыкчылыгы жок туруп, алар же интеграциялык долбоорлорун жана саясий демилгелери менен стратегияларын сунуштап, жайылтып келишкен. Ал долбоорлор биримдиктерди түзүүгө жана келишимдерге кол коюуга багытталган. Ал эми регионалдык бириктирүү евразиялык геосаясатта олуттуу субъект болмок. АКШ Борбордук Азия мамлекеттеринин санын максималдуу көбөйтүүнү болжолдогон.
Мунун баары Борбордук Азияда алардын позициясы убактылуу турукташкан учурда региондун мамлекеттеринин өздөрү мындай долбоорлор менен демилгелердин ортосунда термелүүсүн алып келген жана азыр да алып келүүдө, аны менен ыргаксыз жана түрдүү багыттагы сырткы саясий багыттарга түрдүүдө.
Ушул саясий процесстердин жыйынтыгы тигил же бул дүйнөнүн глобалдуу жана регионалдык саясий борборлоруна Борбор Азия мамлекеттеринин багыты тез эле өзгөрүп кеткедиги болуп калды. Бул фактордон улам регионду топторго жана өзүнчө өлкөлөргө “бөлүп салды”. Жада калса азыр деле кырдаал толугу менен бекемделген жок жана тигил же бул тарапка жылып кетиши мүмкүн. Жыйынтык катары бул фактор Борбордук Азияда реалдуу регионалдык биримдикти түзүүгө таасирин тийгизи албайт.
9. Чечилбеген этникалык конфликттер
Азыркы учурда чоң бөлүгү латенттик мүнөзгө ээ экендигине карабай, кантсе да бул маанилүү фактор. Ал региондун мамлекеттери ортосунда ишенбөөчүлүктүн басымын арттырат.
Салыштырмалуу чыныгы конфликттик потенциал болуп Борбор Азиянын дээрлик бардык мамлекеттериндеги өзбек калкынын диаспоралары саналат. Мисалы, Тажикстанда алар калктын 13%ын түзөт, Кыргызстанда – 14%ын, Түркмөнстанда – 9%ын жана Кахакстанда – 3%дан азыраагын. Бул көйгөйдүн болушу ушул диаспоралар жашаган өлкө жетекчилеринин фантомдук коркунучтарын пайда кылат. Этникалык сепаратизм болушу мүмкүн. Албетте, мунун болушу мүмкүн эмес, бирок 2010-жылы болгон кыргыз-өзбек окуясынан кийин өлкөнү туруксуз абалга алып келиши мүмкүн деген кооптонуу бар.
Анткен менен, Өзбекстандын өзүндө тажиктер (расмий маалымат боюнча 1,2 млн киши, бирок чындыгында андан да көп) жана казактар (800 миң киши) жыш жайгашкан аймактар бар. Бул өлкөдө кыргыздарга маданияты жана тили боюнча жакын каракалпактар (500 миң кишинин тегерегинде) дагы кооптонууну пайда кылат.
Көрүнүп тургандай, атаган учурларда этникалык диаспоралар мамалекеттик деңгээлде басымдуулук кылган калк тараптан түрдүү деңгээлдеги кысымга туш болуп келишет. Бул борбор азия өлкөлөрүндөгү этникалык азчылыктын саясий жана экономикалык абалына таасирин тийгизет. Ошол эле Өзбекстан менен Тажикстанда аларга карата ачык эле ассимилятордук саясат жүргүзүлүп келет. Бул ушул пландагы кырдаалды татаалдаштырып гана отурат. Андан тышкары, жаңжалдык потенциалдын топтолуусуна таасирин тийгизет. Жыйынтыгында бул фактор Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жашоочуларында бирдиктүү бирдейлимктин түзүлүүсүнө терс таасирин тийгизет.
10. Жашоо деңгээлинин ар түрдүүлүгү
Борбордук Азиянын мамлекеттери түрдүү деңгээлдеги экономикалык дараметке жана анын өсүү динамикасына ээ. Бул мыйзам ченемдүү жашоо деңгээлинде жана жарандардын кирешелеринде көрүнүп турат. Региондо салыштырмалуу бай жашаган Казакстандын фонунда сырткы эмгек миграциясынын активдүү донору болгон мамлекеттердин тобу так аныкталап калган. Алар Өзбекстан, тажикстан жана Кыргызстан. Кыргызстандан эмгек мигранты катары коңшу Казакстанга, ошондой эле башка өлкөлөргө – Орусияга, Түркияга, Бириккен Араб Эмираттарына – 7 миллионго чейинки эмгекке жарамдуу калк чыгып кеткен (айрым баалар боюнча, андан да көп). Бул өлкөлөрдүн жашоочуларынын жашоо деүгээли Казакстандыкына салыштырмалуу өтө төмөн. Бирок, бул Казакстандын ички кирешелеринин бирдейлигин көрсөтпөйт. Бул аталган өлкө үчүн көрүнүктүү проблема болуп саналат. Бул коңшу Өзбекстандан эмгек мигранттарынын мезгилдик агымына карата терс маанайда пайда кылат. Анткени, Казакстан, регион үчүн экономикалык донор болууга жана регионалдык деңгээлде жашоо деңгээлинин бир бөлүгүн камсыз кылуу үчүн көмөктөшүүгө даяр эмес.
Анан калса, бул фактор региондун калкынын маанилүү бөлүгүнүн түшүнүгүндө өлкөлөр ортосундагы алардын жарандарынын жашоо образы жана сапаты менен көрөнүп турган айырмачылыктын пайда болуусуна жана бекемделүүсүнө кошумча таасир этет. Бул регионалдык деңгээлде бирдей эместигин түшүнүүгө түрткү болот.
Ошентип, азыркы учурда Борбордук Азия жалпы бүтүндүктү билдирбейт. Ага карата жалпы географиялык түшүнүктүн жана айрым учурда маданий мейкиндиктин бар экендиги тууралуу айтуу оң болот. Бирок, геосаясий өлчөмдө бирдиктүү деп айтууга болбойт. Ал дагы деле бул ченемдерди калыптандыруу стадиясынада турат. Бул процесстин ийлиги жогоруда айтылгандай бир катар комплекстердин татаал айкалышуусунун көз каранды. Айрымдарды акырындык менен теңдештирүү келечекте региондогу бардык мамилелерде жалган биримдикке алып келиши мүмкүн. Бирок, көрүнүп тургандай, бул юирдиктүү интгерациялык долбоорлордо гана ишке ашышы мүмкүн. Ал бул региондо мамлекеттерди бирин калтырбай бириктире алат. Аны менен алардын андан ары жакындашуусу үчүн объективдүү шарттарды түзүп берет.