Мигранттар Кара-Суудагы мыкты окуучулар менен мугалимдерге стипендия берди

23 мая 2019 Мигранттар Кара-Суудагы мыкты окуучулар менен мугалимдерге стипендия берди

Облустук олимпиададан 19 окуучу алдыңкы орунга жетишип, бирөө республикадан биринчи орунду ээлеген.

Москвада иштеп жүргөн мигранттар районундагы мыкты окуучуларга жана мугалимдерге бир жолку стипендия беришти. Бул туурасында "Кара-Суу биримдиги" коомунун директору Жаныш Шамшидинов билдирди.

Анын айтымында, быйыл Ош облустук олимпиадасында Кара-Суу районунан барган 19 окуучу алдыңкы орундарды ээлеген. Ал эми Савай айылындагы Кызыл Кыргызстан атындагы мектептин окуучусу Нуртилек Жолдошбаев география сабагы боюнча республикадан биринчи орунду алган. Анын мугалими Абдыманап Мадымаров экөөнө 3000 сомдон стипендия берилет.

"Облустук олимпиададан биринчи орун алган жети окуучу 1000 сомдон, экинчи орунду ээлеген 6 окуучу 800 сомдон, үчүнчү орунга жетишкен 5 окуучу 500 сомдон алат. Ушундай эле суммада мугалимдерине берүүнү чечтик. Анткени алардын да эмгеги чоң. Жалпысынан 34 600 сом жөнөттүк, 25-май күнү райондук бөлүмдүн кызматкерлери мектептерге барып, коомубуздун Ардак грамотасы менен бирге тапшырат", — деди Шамшидинов.

Бул сыйлыктар окуучулар менен мугалимдерге стимул болуп, билимге болгон умтулуусун арттыруу максатын көздөгөнүн айтышты.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20190522/1044420271/migranttar-mykty-okuuchularga-stipendiya-berdi.html