Жумуш издеп жатасызбы? Бишкекте 50дөй компания ишке чакырат

23 мая 2019 Жумуш издеп жатасызбы? Бишкекте 50дөй компания ишке чакырат

Иштейм дегендерге 4 миңдей орун сунушталат.

Бишкекте жумуш издегендер үчүн кезектеги вакансия жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү башкармалыгы билдирди.

Жумуш берүүчүлөр менен иш издеп жүргөндөрдүн жолугушуусу 28-майда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. Дареги Абдрахманов көчөсү, 208. Иш-чара 10:00дө башталып, 13:00дө аяктайт.

Иш-чарада ар кандай чөйрөдөгү 50 компаниянын өкүлчүлүктөрү 4 миңдей бош орун сунушташат.

Мындай жарманке жыл башынан бери алтынчы ирет өтүп жатат.

Байланыш номерлери: (0312) 68-02-04, 43-47-65 жана 43-47-70.

Спутник Кыргызстан