Айымдардын көзү менен: мырзалардын төшөктө кетирген каталары

22 мая 2019 Айымдардын көзү менен: мырзалардын төшөктө кетирген каталары

Буга чейин айымдардын төшөк катнашында кетирген кемчиликтерин, тизмектеп жазган элек. Эм мына тескерисинче, эркектердин жыныстык катнаш учурунда катачылыктарын оротого салабыз (даттануулар аялдардын көзү менен иликтенген)...

Албетте, алгач намыскөй мырзаларыбыздын өз сүйүктүүсү менен жыныстык катнаш учурунда ката кетирерине ишенбей турганын, жада калса билгиси да келбейт экенин айтканыбыз туура болор... Биз атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында эркек кишилердин төшөктө кетирген каталарын чогултуп көрдүк.

1. Сылап-сыйпабай, дароо ишке киришет

Аялдар үчүн жыныстык катнашты баштагандан мурун сылап сыйпалоо абдан маанилүү экенин эркектер унутуп калышат. Аялдардын түшүнүгүндө,бул –күйөөсүнүн аялын сүйүп, сыйлайт экендигинин белгиси. Эгер жыныстык катнаштын убактысын созгусу келген жигит болсо, ушул сыйпалоо убактысын узартуу керек: 15-20 мүнөт эркелешүү, 15-20 мүнөт жыныстык катнаштын өзү, 30-40 мүнөттүк “майдан” даяр.

2. Жуунбайт

“Жумасына бир жолу жууну жетет” деген эреже туруктуу түгөйү жок, жалгыз бой эркектерге жакшы. Бирок, “жолугушууга” жуунбай чыкса, жигиттен чыккан тердин жыты кошулууну бузат. Бойдок кезинен сейрек жуунуну адат кылган эркек үйлөнгөндөн кийин жуунуну такыр азайтышы мүмкүн. “Койчу, эч нерсе болбойт, эринип жатам, боло береличи” деген шылтоолор пайда болот. Аялдар эркектин жытынан жийиркенип калса, катнашка барууну каалабайт же араң чыдайт.

3. Секс бүтөөрү менен кетип калат

Жыныстык катнаш аякташы менен, эркектин жуунуга же тамеки чегүүгө, башка жакка кетип калышы аялдарга такыр жакпайт. Мындайда аял өзүнүнүн ишин бүтүргөн жигитке керексиз, колдонулган сыяктуу сезет. Ошондуктан, баары бүткөн соң жигит 15-20 мүнөттөй аялын сүйүп, кучактап жата турса, аял өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу айым катары сезет. Секстен кийин уктап калууга да болбойт.

4. Өзүн гана канааттандырат

Мырзалар ырахат алса, аялга да жагат деп ойлошот. Жыныстык катнашта эгоизм деген такыр болбошу керек. Ары аялынын оргазм алганын күтүү керек. Эми башталып келе жаткан рахатты өз ишин бүтүрүп эле токтото салууга бобойт.

5. Эмчегин кармалай берет

Эмчегин кайра-кайра кармап, катуу кысып, тиштеп, сүйө берген кыздарга жакпайт. Эркектер аялдардын эң эрогендүү жери – көкүрөгүдеп ойлошот. Андай эмес, көкүрөгүнө кол жүгүрткөн сайын аялдын “жини келе баштайт”.

6. Поза алмаштырбайт

Өзүнө ыңгайлуу, жаккан позасында жыныстык катнашты баштап, ошол менен аяктайт. Бир катнаштын өзүндө бир нече позага көчүү керек. Күйөөсү фантазиясын ишке кошсун, болбосо аялын уксун!

7. Оралдык секс сурайт

Минет жасап берүүсүн өтүнгөн, жалынган эркектер аялдарга жаккан эмес. Баары өзүнөн өзү болуусу зарыл. Жыныс мүчөсүн аймалаганын каалап турабы, биринчи кезекте өзү аялына жасап берсин. Айтпаган  күндө да, башын төмөн салып, ымдагандын өзү аялга терс таасирин берет (мындай айрыкча, кыргыздын аялдарына жат).

8. “Бүтүрдүңбү” деп сурайт

Аял мына, мына оргазм алганы жаткан учурда токтоп калып, “бүтүрдүңбү” деп сурайт. Бул учурда аялдын көңүлү бөлүнүп, “келе жаткан нерседен” айрылып калат. Эркек аялдын оргазм алган албаганын сурап билбей, сезүүсү керек. Каалаганы бойбой калган аял мындан уруш чыгарууну же кийинки жолу жыныстык катнашка барууну каалабай калышы мүмкүн.

9. Кулакка шилекейин колдонуп, үйлөйт

Сыйпалоо, албетте жакшы. Кулакты акырын сүйүп, тиштеген да аялдардыдүүлүктүрөт, анткени ал –эрогендик зона. Бирок, бул аракетти кайра-кайра кайталап, кулактын баарын шилекейлеп таштоо аялдарга жакпайт. Назик жасоо керек.

10. Секс менен алектенип жатып, суроо берип, сүйлөй берет

Аялдарга жыныстык катнаш учурунда сөз айтуу эмес, ырахат алган жагат. Алар “жагабы” деген суроого мажбур менен жооп бергенди жек көрүшөт.

11. Жыныстык катнаштан кийин жуунбайт

Спермасын ич кийим менен же чүпүрөк менен аарчып туруп, төшөккө секирет. Кайрадан кушактап, жыттап жаткысы келген аялдын маанайы түшүп калат.