Окумуштуулар селфи кумары психикалык оору экенин аныкташты

22 мая 2019 Окумуштуулар селфи кумары психикалык оору экенин аныкташты

Дарыгерлер селфи кумары жана интернетте селфи сүрөттөрүн көп жарыялоо психикалык оорунун белгилери экенин айтышты. Окумуштуулар аталган изилдөөнү International Journal of Mental Health and Addiction журналына жарыялады.

Окумуштуулар селфиге түшкөндү жакшы көргөндөргө карата 20 упай даярдашкан. Алар экспериментке катышкандарды алардын тактыгын 1ден 5ке чейинки көрсөткүч боюнча баалоону сунушташты. Изилдөөгө 27 жашка чейинки 400 адам катышкан.

Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында психологдор төмөнкү чечимге келишкен: күнүнө үч жолу сүрөткө түшкөн, бирок аларды интернетке жарыялабаган адамга адистер “селфитис” деп аталган психикалык ооруга чалдыкты деген диагноз коюга болот.

Аталган дарт өтүшкөн учурда адам сүрөттөрүн тармакка салгысы келет.

Оору кийин өнөкөткө айланганда адам күнүнө кеминде алты селфи жарыялайт.

Окумуштуулардын айтымында, “Селфитис” дарты менен ооругандар адатта ишенимсиз адамдар, алар ушундай жол менен өзүнө көңүл бурдурууну каалашат.