Египеттин имамы: аталары никесиз туулган кыздарды зордуктай берсе болот.

22 мая 2019 Египеттин имамы: аталары никесиз туулган кыздарды зордуктай берсе болот.

Мазен аль-Серсави аттуу имамдын айтымында, мыйзамсыз туулган кыздардын атасына эч кандай тиешеси жок, ошондуктан, аларга да башкалар сыяктуу карай берүүгө болот, деп кабарлайт Daily Mail.

Каирдеги суннит багытындагы эң мыкты Аль-Азхар университетинин имамы Мазен аль-Серсави көпчүлүккө “эркектердин өз кыздары менен жыныстык катнашта болуусуна мүмкүн” деген билдирүүсү менен таанылды. Ал үчүн кыз бала никесиз туулган болушу керек. Анын айтымында, никесиз туулган кыздар атасына эч кандай катыштыгы жок.

“Эгер андай аял эркектен боюнда болуп, төрөсө, анда аны менен боло турган эркек үчүн ал арам эмес”,-дейт имам. Бул билдирүүсүн ал 2012-жылдан баштап айтып келет. Анын сөздөрү жазылган видео жазуу тармактарга тарап, чет өлкөдө да көп каралган.

YouTube каналына жарыяланган видео жазууабдан көп каралганына караганда, Мазен аль-Серсави абдан таанымал араб диний үгүттөөчүсү болсо керек. Ал телеканалдарга бир нече жолу чакырылып, видео жазуулардытүшүргөн.

Москва университетинин профессору Роман Силантьевдин айтымында, Мазен аль-Серсавинин пикири бир гана өзүнө тиешелүү, себеби Аль-Азхар университетинин көз карашы имамдын оюна таптакыр каршы келет.

“Университетте аталган маселеге карата орток бир чечимдин болбошу мүмкүн. Канча жат ойлор айтылганы менен, кээ бир ишенимдер толугу менен туура деп таанылган жок. Маселен, Казакстанда тыюу салынган ИГИЛдин мисалында кичинекей кыздарга эмне боло турганын жана бала соодасы кантип ишке ашырылат экенин көрдүк. ЖМКлар аль-Серсавинин оюн канчалык туура жеткиришсе да, башка мамлекеттер анын айткандарына ишенишпейт”,-деди Силантьев.

Азыркы учурда Египет коомунда исламдагы аялдын ролу кайрадан талаш жаратууда. Жакында эле Наби аль-Вахш аттуу адвокат ачык кийинген аялдарды, айрыкча, тытылган джинсы шым кийгендерди зордуктоо керек деген билдирүү жасады.

Аль-Вахштын бул айткандары жергиликтүү египет телеканалдарынан көрсөтүлгөн. Аны уккан Египеттин аялдар жөнүндө Улуттук Кеңешинин мүчөлөрү телеканалды жана адвокаттын өзүн сотко бере турганын билдирген. Алар телеканалдардан аялдар кордугун күчөткөн маалыматтарды жасаган адамдарды чыгарбоого чакырды.