22 мая 2019
Түркиянын дин иштери боюнча башкармасы эркек кишилерге чачын кара түскө боёго тыюу салуу тууралуу фетва жарыялады, деп кабарлайт РИА Новости.
“Эгер адамдарды алдоо максаты болбосо, чачты, сакалды же мурутту боёго болот. Эркектердин чачын кара түскө боёго ислам нормаларына ылайык жол бербейт. Бул туура эмес болуп саналат”,-деп ишенүүчүлөрдүн суроолоруна Дин башкармалагы жайылткан жазма жоопторунда айтылган.
Мындан тышкары, “күнөөнү жайылтууга” кызмат кылган музыкага жана ичимдик саткан жумуш орундарына тыюу салынган.
Маалыматта: “Эгер жашоого зарыл каражатты табууга башка мүмкүнчүлүк жок учурда гана жол берилет”, - деп айтылат.