Уюлдук телефонду туура эмес колдонуу ден соолукка кандай коркунуч алып келет?

22 мая 2019 Уюлдук телефонду туура эмес колдонуу ден соолукка кандай коркунуч алып келет?

Бүгүнкү күндө уюлдук телефонду эмгектеген баладан тарта ийилген карыларга чейин колдонуп жатканы ырас. Бирок, алыскы аймактардан заматта кабар берген техниканы колдонууда кандай катачылыктарды кетирип жатабыз? Эмесе, алардын бир нечесине токтололу.

1.Уюлдук телефонду лифтте колдонуу радиация күчүнүн артуусуна себеп болот

Көпчүлүк адамдар телефондо жашыруун сүйлөшүүгө туура келгенде, элдин көзүнөн далдаа жерлерди тандашат. Айрыкча, имараттардын бурчу, тепкич жана лифт сыяктуу жабык жерлерде телефондун сигналы алсыз болгондуктан, радиациянын күчү жогорулайт.

2.Басып келе жатып телефон колдонуу белгинин өзгөрүшүнө таасир этет

Уюлдук телефон менен бир орунда кыймылдабай туруп сүйлөшүү зарыл. Анткени, адамдын кыймылына карай телефон сигналы да ар кандай болгондуктан, радифциянын кубаты да ошого байланыштуу өзгөрүп турат.

3.Телефонду каршы тараптагы адам кабыл алгандан кийин гана кулакка жакындатуу керек

Уюлдук телефон али байланыша элек учурда радиациясы абдан күчтүү болгондуктан, каршы тарап телефонду кабыл алганча күтө туруңуз.

4.Уюлдук телефондун сигналы алсыз болгон сайын кулакка жакын кармоо радиациянын мээге таасирин жогорулат

Көп адамдар телефондун ары жагындагы үн жакшы угулбаган сайын кулакка жакын кармашат. Сигнал азайганда телефондун электромагниттик толкундары күчөгөндүктөн, радиация өлчөмү да көбөйө берет.

5.Уюлдук телефонду чөнтөккө салып же моюнга, белге илип жүрүү адамдын организмине зыян

Телефонду жакын кармоо радиациянын адам денесине сиңишин көбөйткөндүктөн, аны баштыкка салып жүргөн туура. Айрыкча, жүрөгү начар адамдар телефонду төш чөнтөккө салбай эле койгону жакшы. Ал эми телефонду белге байлоо омурткага терс таасирин тийгизет.

6.Телефонду узак убакытка чейин бир кулак менен угуу мээге терс таасир этет

Узак убакыт  уюлдук телефон менен сүйлөшүүгө туура келген учурда эки мүнөт сайын эки кулакка кезеги менен алмаштырып угуу же кулакчын колдонгон туура.

7.Телефонду ийин менен кулакка кысып сүйлөшүү ишемиялык инсультка алып келиши мүмкүн

Адамдар колу бош эмес учурда телефонду ийин менен кулактын ортосуна кысып сүйлөшүүнү адатка айландырышкан. Мындай аракет мээге кандын жакшы жетпегенинен улам ишемиялык инсультка чалдыктырат жана моюн омурткасына да зыян келтирет.