Ракка чалдыккан аял лотереяда уткандан кийин айыгып кетти

21 мая 2019 Ракка чалдыккан аял лотереяда уткандан кийин айыгып кетти

Канаданын жашоочусу жана эки баланын энеси Диана Бишоп 4-статьядагы сүт бези рагынан жабыр тартчу. Бирок, лотореяда 1,5 миллион АКШдолларын утуп алгандан кийин оорусунан айыга баштаган. 

Бишоп оорусунан айыгуу үчүн Торонтодо өтчү тажрыйбалык процедураларга акча чогултуп жүргөн. Бирок, бир күнү 20 доллар турган лоторея билетин сатып алууну туура көргөн.

“Бул кызык окуя болду. Ошол күнү мага кимдир бирөө: “Билет сатып ал”,-деди. Мен муну түшүндүрө да албайм. Биз аябай кубандык. Утушубуздун аркасы менен каржылык кыйынчылыктарыбыз чечилди”, -дейт аял.

Сент-Джонстеги Atlantic Lottery’s кеңсесинде чектин чоң макетин кармап турган Диана Бишоптун бакыттан башы айланган.

“Бул акчаны жаңы үй сатып алууга же саякаттоого жумшайм. Акча тирүү калуум үчүн керек”, -дейт Бишоп.

Маалыматка ылайык, лотореядагы утушу аялдын жашоосундагы жалгыз таң калаарлык окуя эмес.

“Мойнумдан оор жүктү алып салгандай болду. 4-деңгээлдеги залалдуу шишикти жеңе албай турганымды билем. Бирок, жашоомдо орун алган окуялардын баары үмүт берет. Али да бир аз жашайм деп ишенем”, -дейт Бишоп.