Окумуштуулар самындын ден соолукка олуттуу зыян алып келерин далилдешти

21 мая 2019 Окумуштуулар самындын ден соолукка олуттуу зыян алып келерин далилдешти

Орусиядагы биофизика жана теориялык изилдөө институтунун адистери кээ бир самындын курамында кездешүүчү триклозандын зыяндуу экенин далилдешти.

Адистер кемирүүчүлөргө изилдөө жүргүзүшкөн. Натыйжада самын курамындагы триклозандын митохондрия ишин бузуп, боор торчосун кургатып жиберерин аныкташкан.

Антибиотик митохондриянын ичине түшкөндөн кийин ички мембранага зыян келтирет. Натыйжада митохондриянын ичине коркунучтуу молекулалар түшөт. Кемирүүчүнүн организминде болгон бул көрүнүш адамга да мүнөздүү.

Триклозан кошулмасы 1960-жылдардын ортосунда пайда болгон. Ал котур оорулары менен бактерияларга каршы колдонулуп келген. Азыркы учурда АКШ менен Евразиялык Кеңеш курамындагы өлкөлөрдө триклозанды суюк жана катуу самындарга кошууга тыюу салган.

“Ооруканаларда триклозан дагы деле тазалык үчүн колдонулуп келет”, - дейт изилдөөнүн автору Константин Белослудцев.