Франциянын Capital Biotech компаниясы «Халал этти текшерүүчү тест” жасады, ал мусулмандардын кайсы малдын этин керектеп жатканын, суусунда алкоголдун бар же жок экенин аныктоого мүмкүндүк берет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.
Ал исламда тыюу салынган доңуз этинин бар же жогун аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Кош бойлуулукту аныктаган тест сыяктуу, мында да эки сызык бар. Бир сызык – тыюу салынган кошулманын жоктугун, эки сызык – бар экенин билдирет. Сыноо үчүн жылуу суу куюлган стаканга азыктын бир бөлүгөн салып, бир аздан кийин аныктай турган жабдыкты сууга малуу керек.
Компаниянын негиздөөчүсү Абдеррахман Шави“Алжирде чыккан тест этикетте кошулмалары жазылбаган тамак-ашты сатып алган учурда абдан пайдалуу, ары сапарга чыкканда, мейманканада тамактанган кезде өтө зарыл”,-дейт.
Маалыматка ылайык, тест жабдыгын бир даанасынын баасы 6,9 евро, бир таңгагы 125 евро.
Эсиңиздерге сала кетсек,мусулмандар үчүн Куранда халал эмес азыктардын тизмеси бар. Ага доңуз эти, өлгөн малдын эти, эреже боюнча союлбаган малдын эти жана башкалар кирет.