Эрдине карап адамдын мүнөзүн билүүгө болот

21 мая 2019 Эрдине карап адамдын мүнөзүн билүүгө болот

Түштүк Кореялык Samsung компаниясы смартфонду 12 мүнөттө кубаттоочу атайын графен элементин пайдалананып, аккумулятор иштеп чыкты. 

Samsung Advanced Institute of Technology менен иштеген бир топ илимпоздор графиттен алынуучу көмүртек элементин, башкача айтканда графен бүдүрлөрүн (гранулаларын) ийгиликтүү синтездешти. Натыйжада, жөнөкөй телефондогу литий-иондук батареяга караганда жаңы кубаттоочу түзмөктүн жардамы менен смартфондун беш эсе тез кубаттала турганы аныкталган.

Маалыматка ылайык, “графен гранулалары” аккумулятордун иштөө мөөнөтүн да узартат көрүнөт.

Samsung Advanced Institute of Technology инженерлеринин айтымында, кубаттоочу түзмөк 5°С-ден 60°С чейинки температурада эч кандай тоскоолсуз иштейт.

Азыр компания АКШ менен Түштүк Кореяда ушул түзмөктү өнүктүрүү үчүн патент алуунун үстүндө иштеп жатат.