Өзбекстанда газ баллону жарылып, бир келин каза болду

21 мая 2019 Өзбекстанда газ баллону жарылып, бир келин каза болду

Фергана облусунун Риштан районунда газ баллонунун жарылуусунан 32 жаштагы келин каза болду.

Келиндин коңшуларынын айтымында, жарылуу ал газ баллонун алмаштырып жатканда болгон.

«Ал ооз ачыруу үчүн тамак жасап жаткан. Ошол маалда газ түгөнүп калып, баллонду алмаштырып жатканда жарылуу болду. Келин дароо ошол жерде өлдү. Анын артында 12 жаштагы кызы жана тогуз жаштагы баласы калды», ؅— деди коңшуларынын бири.

Риштан шаардык өрт коопсуздук кызматынан билдиришкендей, бул окуя боюнча облустук ички иштер башкармалыгы тергөө иштерин баштады.

Жергиликтүү укук коргоочу Баходир Элибоевдин айтымында, каза болгон келин жашаган «Тошогалик» маалесине Фергана облусундагы башка көптөгөн райондордой эле газ берүү токтотулган. «Газдын жоктугунан улам тургундар кооптуу болсо да газ баллондорун колдонууга аргасыз болуп келишет», — деди Элибоев.

Өзбекстанда газ баллондорун туура эмес пайдалануудан же алардын түзүк эместигинен улам тез-тез жарылуулар болуп, өрт чыгып турат.