Ашхабадда бизнесмендерге кеңселерин шаар четине көчүрүү тапшырмасы берилди

21 мая 2019 Ашхабадда бизнесмендерге кеңселерин шаар четине көчүрүү тапшырмасы берилди

Ашхабад шаарынын мэриясы 15-май күнү түнүчүндө Өнөр жай жана ишкерлер биримдигине бизнесмендерди чогултуп, кеңеселерин калаанын четиндеги аймакка көчүрүүнү тапшырган. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирүүдө.

Учурда шаар четиндеги Бедев районунда кеңсе имараттары, соода жайлары курулууда. Ишкерлер ал жакка качан көчөрү так белгисиз. Бийлик эмне себептен мындай чечим кабыл алганы боюнча түшүндүрмө берген жок.

Айрым такталбаган маалыматтар боюнча Бедев районунда курулуп жаткан кеңсе имараттары өлкө президентине жакын кишилердин бирине таандык.