Окумуштуулар жубайлардын ажырашуусунун башкы себебин аташты

20 мая 2019 Окумуштуулар жубайлардын ажырашуусунун башкы себебин аташты

Мичиган университетинин окумуштуулары көпчүлүк жубайлардын эмне себептен ажырашаарын аныкташты. 

Окумуштуулардын айтымында, жубайлар “ортодогу кысымдын” деңгээли ар кандай болгондуктан айрылышат. Башкача айтканда, аялдын үй-бүлөлүк жашоодон тез көңүлү калат. Ал эми эркек киши муну байкабай, өзүн бактылуу сезип жүрө бериши мүмкүн.

16 жыл бою 355 түгөйгө байкоо жүргүзүшкөн адистер үй-бүлөлүк жашоонун алгачкы жылдарында мырзалар үчүн аялы жана үй-бүлөсүнүн ички абалы эч кемчиликсиз болуп көрүнөөрүн аныкташкан. Ал эми кыздар үй-бүлөлүк жашоонун кандай болорун алдын ала билишет экен. Мындан тышкары, көбүнчүлүк аялзаты ажырашууга сунуш жасай турганы аныкталды.