Орусиянын Магадан облусунда 5 жаштагы кыз кир жуугуч машинада тумчугуп калган, деп кабарлайт ria.ru басылмасы.
Тергөөчүлөр кир жуучу машинанын ичинен табылган баланын кандайча каза болгонун аныкташууда.
“Белгилүү болгондой, кыз алты саат бою үйүндө жалгыз калган. Туугандары кечинде үйгө келген учурда баланын денесин кир жуугуч машинадан табышкан”, - деп Орусиянын тергөө бөлүмүнүн билдирүүсүндө жазылат.
Сот медициналык экспертиза дайындады. Алдын ала маалымат боюнча, бала кир жуугуч машинанын ичине кирип, эшигин жапкан кезде аба жетпей тумчугуп, каза болушу мүмкүн.
“Кайгылуу окуянын чоо-жайы текшерилүүдө. Тергөөчүлөр баланын үйдө эмнеге жалгыз калганын, мектепке чейинки билим берүү борборуна эмне үчүн барбаганын, үй-бүлөсүнүн абалы кандай экенин, ата-энесинин балага кандай караганын текшерип жатышат. Ошондой эле, ушул маалымат аныкталгандан кийин үй-бүлөсүндөгү башка балдардын тарбиясына катыштуу кандай чечимдер чыгарыла турганы белгилүү болот”, - дейт мекеменин өкүлдөрү.