Гинеколог-репродуктолог 25 аялды эскертүүсүз уруктандырган

20 мая 2019 Гинеколог-репродуктолог 25 аялды эскертүүсүз уруктандырган

Мурунку гинеколог-репродуктолог Дональд Клайн өзүнүн бейтаптарын алардын уруксаты жок уруктандырганы үчүн соттолуп жатат.

Тергөөнүн жүрүшүндө гинеколог эркек киши болгондуктан, донорлордун ордуна өзүнүн биологиялык суюктугун колдонгону аныкталды. Дональд ооруканадагы жумушунан 2009-жылы 78 жашында кеткен. Иш тажрыйбасында ал 25 аялды уруктандырган жана уруктандыруу үчүн өзүнүн биологиялык суюктугун колдонуп турган. Башкача айтканда, Дональд Клайн көптөгөн балдардын атасы болуп калышы мүмкүн. Ал эми бул мыйзамга карама-каршы келет.

“Балдардын саны сиздер ойлогондон да көп болушу мүмкүн. Ал эми анын урпактарынын саны чексиз өсө берет”,-дейт Мэтт Вайт.

Тергөөнүн жүрүшүндө Дональд эки баланын атасы экени аныкталган. Башында гинеколог күнөөсүн мойнуна алган эмес. Бирок, анык далилдер пайда болгондон кийин ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өзүнүн уругун кандай максатта колдонгонун түшүндүргөн.

“Мындай нерселердин кайра кайталанышын каалабайбыз. Кандай ката кетиргенин өзүңүздөр да түшүнүп жатсаңыздар керек. Ал жасагандары үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш”,-деди Амбер Стаффорд.