Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салып жүргөнүн кандай билүүгө болот?

20 мая 2019 Күйөөңүздүн көзүңүзгө чөп салып жүргөнүн кандай билүүгө болот?

Австралиялык Lipstick Investigations компаниясынын башкаруучу директору Девид Кинг эркек адамдын аялын алдап жүргөнүн көрсөтүүчү негизги белгилерди атады, деп кабарлайт lenta.ru басылмасы.

Көзгө чөп салып жүргөн эркек киши сырткы келбетине көңүл бура баштайт, көп кырынып, гардеробу менен парфюм алмаштырат. Мындай күйөөлөр, адатта, колунан телефонун түшүрбөйт, себеби ага өзгөчө каттар келиши мүмкүн. Ошондой эле, алар смартфонуна пароль коюп алышат.

“Эгер адам күнөлүү болсо, анда ал ачууланышы мүмкүн. Күйөөлөр үйдөн чыгуу үчүн бул ыкманы көп колдонушат”,-дейт Кинг.

Серепчилердин пикиринде, аялын алдап жүргөн эркек кишилердин жүрүм-турумун туура деп айтуу кыйын. Көзгө чөп салган эркек ар түрдүү шылтоо ойлоп таап, жушуштан же саякаттан өтө кеч келет.

Эксперттин сөзүнө караганда, күйөөнүн социалдык тармактардагы активдүүлүгү менен банк карточкаларынан үзүндү көчүрмөлөр да анын аялын алдап жүргөнүн билдирет.

Кинг башкарган компания жубайлардын бири-биринин көзүнө чөп салганын аныктоо менен 20 жылдан бери алектенип келет. Компания, адатта, аларды аңдып, жашыруун камерага тартып алат.