Мырзаларга канча жаштан кийин балалуу болуу коркунучтуу экени белгилүү болду

20 мая 2019 Мырзаларга канча жаштан кийин балалуу болуу коркунучтуу экени белгилүү болду

Америкалык окумуштуулар жашы өтүп калган эркек кишилерде сперматозоидтерден алынган эмбриондор жай жетиле турганын аныкташты. Изилдөөнүн натыйжалары көрсөткөндөй, жашы өтүп калган адамдардын жыныс клеткаларынан пайда болгон уруктар жаш жигиттердики менен салыштырганда жай жетилет.

Орточо алганда сперматозоидтерден жетилген эмбриондор 50 жаштан ашкан эркек кишилерде 35 жашка чейинки эркектер менен салыштырганда 35 пайызга жай жетилет.

Ошондой эле, мындай эмбрион бластоцист шатысына кеч жетет жана андан кийин барып урук жатынга жабыша баштайт. Бластоцист шатысына жетүүнүн орточо көрсөткүчү жашы өткөн эркек кишилерде жаштардын уругуна караганда 4,3 пайызга көп убакытты алат.

Мындай жыйынтыкка авторлор изилдөө учурунда видео жазууну көргөндөн кийин келишкен. Алар жазуудагы 527 түгөйдүн (жубайлар) 3532 эмбрионунун жетилүүсүн талдашкан.

Басылма конференцияда тааныштырылган мырзалардын жашы алардын спермотозоиддеринин сапатына таасир эте турганы жөнүндө эки изилдөөнү салыштырган. Мисалдардын биринде орто жаштагы эркек кишилердин жыныс клеткаларында өтө көп өзгөрүүлөрдүнчогулгандыгы айтылса, экинчисинде жашы өткөн эркектердин спермасы  ашыкча анеуплиоддик жыныс клеткасын кармайт экени айтылган (аларда хромосомалардын орточо саны бузулган).

“Орто жаштагы эркек кишилер менен алардын шериктери кош бойлуулук тобокели жана урпактын өсүү кезиндеги нерв системасынын көйгөйлөрү тууралуу ойлонушканы туура”,- дейт америкалык коомдун репродуктивдүү медицинасынын вице-президенти Питер Шлегель.