Күчтөп турмушка чыккан кыз күйөөсү менен анын 12 тууганын уулап өлтүрдү

17 мая 2019 Күчтөп турмушка чыккан кыз күйөөсү менен анын 12 тууганын уулап өлтүрдү

Пакистандын Музаффаргарх шаарында аялы күйөөсү менен анын 12 тууганын уулап өлтүрдү.

Пакистандык Азийя Биби аттуу аял күйөөсү менен дагы 12 адамды уулап өлтүрдү деп шектелүүдө. Тергөөнүн маалыматына ылайык, келин сүткө уу кошкон. Мындай кошулма бул аймакта көп керектелген йогурттун ордуна колдонулат. Аял кошулманы күйөөсүнүн жакындарына арнап даярдаган.

Анын айынан 13 адам ууланып өлдү. 14 адам ооруканада жатат.

“Биз ушул иш боюнча Азийя Биби менен анын эжесин, дагы бир жаш жигитти кармадык”,-дейт жергиликтүү полиция кызматкери Оваис Ахмад.

Полициянын айтымында, аялдын эжеси ушул ишти уюштуруп, аны кылмыш кылууга үндөгөн. Кармалган жигит шектүү аялдын көңүлдөшү. Анын да ушул ишке катышы бар.

Күйөөсүн өлтүрүүгө барган аял ага каалоосуз күч менен турмушка чыккан. Кек алуу үчүн атайын ушул кылмышка барган болушу мүмкүн.

Пакистанда кыздарды күчтөп турмушка берүү көп кездешет. Кыздарды жаш кезинде зордоп күйөөгө берүү кадимки көрүнүшкө айланган.