Биринчи жолугушууда өмүрлүк жарыңызды таанууга жардам берген 3 суроо

17 мая 2019 Биринчи жолугушууда өмүрлүк жарыңызды таанууга жардам берген 3 суроо

Сүйүктүүңүздү жолуктура албай жүрөсүзбү? Анда биринчи жолугушууда чыныгы сүйүктүүңүздү таанууга жардам берген 3 түрдүү суроону сунуштайбыз.

Башында кызык сезилген суроолордун мамилеңизди пландоодо таасири чоң. Сүйүшкөндөрдүн пикири төмөнкү пунктардын үчөөндө да ылайык келүүгө тийиш.

1.Коркунучтуу фильмдерге болгон көз карашыңыз кандай?

Коркунучтуу фильмдер – дароо бир нече маселени аныктоого мүмкүнчүлүк берүүчү табылгыс дүйнө. Башкача айтканда, ал аркылуу жубайыңыз нерв козгоонун кандай ыкмаларына каршы эместигин, кандай темаларды тоотпой турганын жана кантип көңүл ачаарын аныктай аласыз. Өзүңүз жиндер менен зомбилерден корксоңуз, аталгандар катышкан фильмдерди сүйүп көргөн адам менен бир чатыр астында жашай аласызбы?

2.Деңиз жээгине көчүп барат белеңиз?

Бул суроо сүйүшкөндөрдүн жайлуулукка болгон көз карашын аныктоого жардам берет. Кимдир бирөөгө жашаш үчүн башпаанек менен тамак-аш гана жетиштүү. Ал эми түгөйлөрдүн талаптары алда канча жогору болсочу? Мындай көз караштар айкашканда, бирге өмүр сүрүү мүмкүнбү? Дагы да ойлонтот.

3.Сүйүктүү ырчыңыздын концертине жалгыз барууга макулсузбу?

Бул ыкма экөөңүздүн эркиндикти сезүү, өз алдынча жашоо деңгээлиңиздин, коомдук мамилеңиздин канчалык туура келерин аныктайт. Коом менен байланыш деңгээли ар түрдүү адамдар сейрек тил табышат. Себеби бири-биринин муктаждыктарын түшүнө алышпайт. Бирөөсүнө күн сайын достору менен жолугушуу абадай зарыл болсо, экинчиси үчүн жылына бир жолу телефон чалуу жетиштүү.