Тель-Авивтеги Израиль барларынын бири этек кири келген аялдарга 25% көлөмүндө арзандатууларды жасайт. Бул өзгөчө өнөктүктү “bloody hour” деп аташкан. Ал “кандуу мезгил”, “каргыш убакыты” деп которулат.
Аталган жеңилдик өнөктүгүн ойлоп табышкан эки аял ушундай жол менен аялзатынын көңүлүн бурууга боло турганын айтышат. Мындан тышкары, алар аял менен эркек кишинин ортосунда этек кир темасы жеңил көтөрүлөт деген ниетте.
Жеңилдик берер кезде аялдарды эч ким текшербейт. Бардын кызматкерлери бологону айткан сөздөрүнө ишенишет. Anna Loulou барынын ээси этек кир аялдардын жашоосунун 25% алгандыктан, ушундай өзгөчө мамилеге ээ болууга татыктуу экендиктерин айтышат.
Бардын ээси бул идеяны ойлоп табуусуна өзүнүн этек кири келген күндөрү себеп болгонун ачык айтат. Анын кандай шарапка буйрутма бергенин бар кызматкери унутуп калган. “Муну кантип эсте сактап калуу керек экенин айтып берем. Так азыр этек кирим келип жатат. Башкача айтканда, кызыл шарап керек деп айткан болчумун”, - деп күлөт бардын кожейкеси.
Аталган жеңилдиктер дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү берилет.