Facebook тармагын негиздөөчүлөрүнүн бири жана экс-президенти Шон Паркер социалдык тармактардын өнүгүшүнө салым кошкону үчүн өкүнөрүн айтты, - деп кабарлайт чет элдик басылмалар.
Паркердин айтымында, ал Марк Цукерберг жана Instagram тармагын негиздөөчүлөрдүн бири Кевин Систром менен бирге адамдардын социалдык тармактарга көп убакыт бөлүүсүнө таасир эткен ыкмаларды издешкен.
“Фотосүрөт же жазууга калтырылган лайк белгилери менен пикирлер адам организминде дофаминдин бөлүнүшүнө таасир этет. Ал дагы лайк менен пикир жыйноо үчүн, адамдарды кайра-кайра сүрөт же жазуу жарыялоого мажбурлайт”, - дейт Паркер.
Шон Паркердин сөзүндө, тармакты негиздегендер адам психикасынын эң алсыз жактарын колдонуп жатканын жакшы түшүнүшөт. Бирок, бул аларга өз ишин улантууга тоскоол болгон эмес.
“Социалдык тармактар биздин башка адамдар менен, коом менен болгон мамилебизди өзгөртөт. Ал эми балдарыбыздын мээсине таасири кандай экени бир Кудайга гана белгилүү”, - дейт Паркер.