Экс-министр Сагинбаева менен ЖАМКнын мурдагы кызматкери камакка алынды

17 мая 2019 Экс-министр Сагинбаева менен ЖАМКнын мурдагы кызматкери камакка алынды

Кармалгандар 26-июнга чейин №1 тергөө абагында болот.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын 16-майда тандаган. Алар 26-июнга чейин №1 тергөө абагында кармалат.

Сагинбаева менен Качкыналиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин негизинде кармалган.

Эскерте кетсек, буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери кармалып, эки айга камакка алынган. Дал ушул илдеттин негизинде кылмышкер түрмөдөн бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен.

Спутник Кыргызстан