16 мая 2019
Пакистанда аялынын уруксатын албай үйлөнгөн эркек киши жарым жылга камакка алынды. Мындан тышкары, ага 2000 доллар айыппул төлөө жүктөлгөн.
Айша Биби сотко күйөөсү Шахзад Сакиб анын уруксатын албай, экинчи жолу үйлөнгөнү тууралуу арызданган.
Ал: “Биринчи аялынын уруксаты жок үйлөнүү - бул мыйзам бузуу”, - деген жүйө келтирген.
Ал эми эркек киши болсо сотто биринчи аялынын уруксатына муктаж эмес экенин, динде ага төрт аял алууга уруксат берилгенин айткан.
Сот экинчи аял алган Шахзад Сакибдин шарият талаптарына ылайык төрт аял алууга болот дегенин четке кагып, аны жарым жылга камоого өкүм чыгарган.