13-кабаттан секирген аял ошол жерден өтүп бара жаткан эркек кишинин өмүрүн кошо алып кетти

16 мая 2019 13-кабаттан секирген аял ошол жерден өтүп бара жаткан эркек кишинин өмүрүн кошо алып кетти

Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын жашоочусу 13-кабатта жайгашкан батиринин терезесинен секирип, жумушуна кетип бара жаткан эркек кишинин так үстүнө кулаган.

Экөөсү тең оор жараат алышып, ооруканага жеткирилген. Бирок, дарыгерлер аларды ажалдан алып калышкан эмес.

Полициянын маалыматына ылайык, корей аял депрессиядан жабыр тартып келген. Жашоодон түңүлгөн аял ушундай кадамга барган болушу мүмкүн.