Vanishing Point шотландиялык театр компаниясы менен Scottish Ensemble музыкалык коллективи изилдөө жүргүзүп, өлөр алдында угууга татыктуу ырды тандашты.
Акыр-аягы кеңеш учурунда эстон композитору Арво Пярттын чыгармаларын татыктуу деп табышты. Анын эки концерти тандалды. Оркестр менен фортепианонун коштоосу менен аткарылган чыгармалар скрипкада ойнолот.
“Бул музыканын чеги жоктой, тынчы жок ойной бере тургандай көрүнөт”, - деп түшүндүрдү Vanishing Point директору Мэттью Лентон.
Анын айтымында, бул обон өлүм алдында жаткан адамга үмүт тартуулайт. Өлүмдөн кийин жашоо бар экенине ишендирет.
Мындан башка Филип Гласс, Ла Монте Янг жана Иоганн Себастьян Бахтын чыгармалары тындалды. Изилдөөнүн авторлору аталган композиторлордун да чыгармаларын татыктуу деп аташты.