Бутубуздагы манжалардын бизге кереги жок экен... Адамзатты келечекте кандай өзгөрүүлөр күтүп турат

16 мая 2019 Бутубуздагы манжалардын бизге кереги жок экен... Адамзатты келечекте кандай өзгөрүүлөр күтүп турат

Бутубуздагы манжалардын бизге эми кереги жок экен... Эмне үчүн деп ойлойсуз? Бул суроонун жообун сиз азыр билесиз.

Буга ишенүү кыйын, бирок, адамдын кээ бир дене мүчөлөрү керек эмес болгондуктан, жок болуп кетиши мүмкүн. Эволюция теориясынын атасы Чарлиз Дарвин “Адамдын келип чыгышы жана жыныстык талдоо” китебинин биринчи бөлүмүндө бул тууралуу айтып өткөн эле. Бул 500 жылдан кийин болушу толук мүмкүн.

Буттун манжалары

Окумуштуулар мурун тең салмактуулуктун борбору тамандын борбор сызыгында болгонун аныкташкан. Башкача айтканда, жерге кулап кетпөөгө ушул дене бөлүгү жооп берет. Бирок, убакыт өтүп олтуруп тең салмактуулуктун борбору баш бармак жакка жылган жана азыр буттун манжалары баштапкы кызматын жоготкондуктан ашыкча болуп табылат.

Дарвиндик кулак

Көпчүлүк адамдын кулагынын жогорку жагында дарвин төөнөгүчү деп аталган кичинекей кыртыш бар. Бул – сүт эмүүчүлөрдүн алыстагы ызы-чууну жакшы кабыл алуусуна арналган курч кулактардын жоон бөлүгү. Азыр анын анча деле зарылчылыгы жок. Аны алып таштаса да болот.

Эркектердин эмчеги

Түйүлдүктүн алгачкы этабында баары жыныссыз жана эмчеги менен жаралышат. Бул көрүнүш адамдарда гана эмес, башка сүт эмүүчүлөрдө да кездешет. Болгону эркек кишилердин  организминде пролактиндин аз болгонуна байланыштуу гана аларда сүт болбойт. Демек, аларга эмчектин кереги жок.

Мурун көңдөйү

Алар көп ыңгайсыздыкты жаратат. Анткени, бат сезгенип, толуп калат. Ошол себептен, аны такыр алып таштоого да болот.

Акыл тиш

Биздин ата-бабаларыбыз шашылбай чайнай турган катуу азыктарды көп колдонушкан. Акыл тиш ошон үчүн керек болгон. Азыркы учурда мындай катуу азыктарды жегендин зарылчылыгы деле жок. Ошондуктан, келечекте адамдардын акыл тиши өспөй калышы мүмкүн.

Колдун узун булчуң эти

Азыркы күндө ал болгону 11 пайыз адамда гана бар. Биздин ата-бабаларыбыз бизге караганда интенсивдүү иштеп, көп кыйынчылыктарды көрүштү. Алар жашаш үчүн күчтүү кол керек болгон. Ал эми биз үчүн ал маанилүү эмес. Бир гана оор атлетика менен алектенген спортчуларга керек болушу мүмкүн.

Денедеги түктөр

Денедеги түктөрдүн ичинен эң баалуусу каш гана. Себеби, алар көздү терден сактайт. Ал эми денедеги башка түктөрдүн бизге кереги жок. Анткени, аба ырайы өзгөрдү жана ата-бабаларыбызга караганда кийимдерибиз да жакшы.

Каз тери

Жаныбарлар душманын коркутууга терисин пайдалангандыктан, аларга ал зарыл. Ал эми биз үчүн тоок этин эске түшүргөн булчуң эттердин кереги жок.

Куймулчак

Куймулчак – бул омуртканын сүт эмүүчүлөрдүн куйругуна кызмат кылган эң акыркы бөлүгү. Бүгүнкү күндө куймулчак рудиментардык мүчө болуп калды.

Моюн кабыргасы

Алар азыркы кезде 1 пайыз гана кездешет жана болгону бир жагынан гана өөрчүгөн. Бүгүнкү күндө бул сөөктөр пайдасына караганда зыяны көп. Анткени, моюн кабыргасынын ээси артерия проблемаларына чалдыгат.

Негизи эле, адамдын 300 жылдан кийин кандай болорун божомолдоонун өзү кыйын. Кээ бирөөлөр келечектин адамы арабызда бар деп да болжошот. Мисалы, Марк Цукерберг эң алдыңкы интернет колдонуучулары басып бара жатканда буту таң каларлык ийилип турганына карап, аларды рептилойдго теңеген.