Абылгазиев көп маяна алат делген бажасынын баласын кызматтан кетирет

16 мая 2019 Абылгазиев көп маяна алат делген бажасынын баласын кызматтан кетирет

Ишке кире элек "КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясынын директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу 300 миң сом айлык алат деген маалымат тараган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "КТ Мобайл" ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары Эрназар Иманкадыр уулу кызматтан кетиши керек деп эсептейт.

Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев Faсebook баракчасына жазды.

Эске салсак, "Кыргызтелеком" ААКтын туунду компаниясы "КТ Мобайл" 2003-жылы түзүлүп, уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү боюнча лицензия алган. Социалдык тармактарда "КТ Мобайл" мамлекеттик компаниясынын башкы директору 350 миң сом, орун басары 300 миң, ал эми техникалык директору 290 миң сом айлык алат деген маалымат тараган. Кийин компаниянын жетекчилиги муну төгүндөгөнгө аракет кылып, чынында эң жогорку айлык 157 миң сом экенин билдирди. Ошол эле учурда мынчалык айлыкты ким аларын коммерциялык сыр деген жүйө менен айткан эмес.

Маалымат катчы “Ачык өкмөт” эл аралык уюмунун жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министрдин бажасы экенин ырастады.

“Мухаммедкалый Абылгазиев бажасынын баласы Эрназар “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басары болуп иштеп жатканынан кабары болгон эмес. Муну билгенден кийин аны кызматтан кетирүүнү туура деп тапты”, — деп жазды маалымат катчы.

Ошондой эле ал Абылгазиев мамлекеттик иштерге тууганчылык байланыштарды аралаштырбоо принцибин карманарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, “КТ Мобайл” байланыш оператору 8-майда ишин башташы керек эле. Деген менен бул компания 2018-жылды 170 миллион сом карыз менен жыйынтыктаган.

Спутник Кыргызстан