Аскерден качкан 22 жаштагы айлакер жигит чоң энесине үйлөнүп алды

15 мая 2019 Аскерден качкан 22 жаштагы айлакер жигит чоң энесине үйлөнүп алды

22 жаштагы жигит аскердик комиссариатка 80 жаштагы аялы бар экени тууралуу нике аныктамасын алып келген.

Украинанын Винница шаарында ата-энеси 22 жаштагы уулун өзүнүн 80 жаштагы чоң энесине үйлөндүрүшөт. Муну аскердеги милдетин өтөөгө жибербөө үчүн жасашкан. Ошентип, 25-октябрь күнү аскерге чакыруу алган Александр бир нече күндүн ичинде чоң энесине үйлөнүп, 31-октябрда аскердик комиссариатка аныктама кагазын алып барган. Мындан тышкары, аныктамада колукту Зинаида биринчи топтогу майып экени жазылган.

Жергиликтүү аскердик комиссариат өкүлдөрү аталган никенин жалган экенин далилдөө үчүн сотко арызданышкан. Мындан башка да жаштар аскердеги милдетин өтөбөө үчүн түрдүү аныктамаларды сунушташат.