30 жаштагы кишинин сырткы келбети 3 жашар баланыкындай

15 мая 2019 30 жаштагы кишинин сырткы келбети 3 жашар баланыкындай

30 жашка келген Вань Тианфань 3 жашар бала сыяктуу көрүнөт. Анын энеси Чу Сяопинге баласын ибадатканада калтырып, дени сак бала төрөп алууга кеңеш беришет. Бирок, аял баласын таштоого макул болгон эмес.

30 жыл мурун Чу Сяопинь уулдуу болгон. Ал кезде аял жалгыз бой эне эле. Дарыгерлер баланын ден соолугунда генетикалык кемтик бар экенин айтышкан. Баладан табылган оору сейрек кездешкендиктен, анын аталышы да жок болуп чыгат.

Дарыгерлер мындай окуяга биринчи жолу туш болушкан. Баладагы ооруга 7 миллиард адамдын бирөөсү гана чалдыгат. Бул оорунун өзгөчөлүгү мында: бала 3 жаштан кийин өспөй калган. Ал өспөйт, сүйлөбөйт, баса албайт жана энесине толугу менен көз каранды.

Башында дарыгерлер баланын көп жашабай тургандыгын айтышкан. Андан кийин алар көңүл жубатаарлык божомолдорду жасай баштаган. Бир нече жыл мурда бейтапты текшеришкен дарыгерлер Вань Тианфань 30 жашка чейин жашабайт деген жыйынтык чыгарышат. Бирок, энеси дарыгерлердин сөзүнө ишенүүдөн баш тартууда. Ал эми быйыл Вань Тианфань 30 жашка толуп олтурат.

“1990-жылы балам 3 жашка толгондо кошунам аны ибадатканага таштап кетүүгө кеңеш берди. Бирок, бул ой мага жийиркеничтүү сезилди”, - дейт Чу Сяопинь.

Вань Тианфандын энеси мындан ары да баласына кам көрө берет жана карыганда да баласы тирүү болот экенине ишенет.

“Мен анын абалы эч качан оңолбой турганын билем. Ал мүмкүн эмес. Бирок, мен балам үчүн жашагым келет. Анын өлүшүн каалабайм”, - дейт Чу Сяопинь.