15 мая 2019
Турмушка чыгууга макулдугун бербеген соң сүйүктүүсүнүн башын кесип алган кылмышкер кармалды.
Кристофер Такер аттуу кылмышкер сүйүктүүсүн эмне себептен өлтүргөнүн өзү айтып берди.
“Мен сезимимди билдирип, колун сурадым. Ал менин сунушумдан баш тартты. Башка адамды сүйөөрүн айтты. Ошондуктан, анын башын кесип алдым”, - дейт ал.
34 жаштагы кылмышкер кыздан 15 жаш улуу болгон. Ал биринчи кызды муунтуп, андан кийин көзүн оюп алган. Кийин аны балталап бөлүп салган. Кылмышкер азыр камакта.